Найзабеков Шеримбек Шамшыкеевич
Көрүнүш
Найзабеков Шеримбек Шамшыкеевич (5. 10. 1950-ж. туулган, Сокулук району, ВоенноАнтоновка кыштагы) - жетекчи кызматкер.
- 1969-71-жылдары Советтик Армиянын катарында,
- 1971-73-жылдары милицияда кызмат өтөйт.
- Ал «Рассвет» колхозундагы МТФда бригадир (1977-78), фермабашчысы (1979-84),
- колхоздо бухгалтер,
- «Рассвет» колхозунда профсоюз комитетинин төрагасы (1984-92),
- Сокулук районундагы «Көнөк» агрофирмасында башкарманын төрагасы (1992-94),
- Военно-Антоновкадагы жер боюнча агрардык реформалоо комитетинде башкарманын орун басары (1994-96),
- Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары (1999-2000),
- Сокулук районундагы мамлекеттик статистика боюнча башкармалыгында начальниктин орун басары (2002-04) болуп иштеген.
- Учурда Бишкек мэриясындагы шаар транспорту боюнча башкармалыгында башкы адис болуп эмгектенет.
- Чал уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9