Найман (Араван району)
(Найман, Араван району барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
Найман, Араван району — Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төө-Моюн айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 635 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кышаарынан 35 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 26 км. Кыштак 1870-жылга чейин негизделген. Калкы 2239 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары, тегирмен иштейт. Аты кыргыздын найман уруусуна байланыштуу пайда болгон.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7