Найман, суу сактагыч

Википедия дан

Найман, суу сактагыч Ноокат районунун аймагында, Көкжар кыштагынан 5—6 км түштүгүрөөктө жайгашкан. 1963-жылы курула баштап, 1968-жылы ишке киргизилген. Суу сактагыч Кыргыз-Ата, Чиле-Сай,Косчан, Шаң-Кол, Апшыр-Сайдан суу алат. Сыйымдуулугу 39,5 млн м3, узундугу 8 км, жазы жери 2 км, терең жери 37,6 м, суу толгондогу аянты 4,23 км2. Араван районундагы Төөмоюн талаасынын 6 миң га жери сугарылат. Суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 15,2 м3 /сек болгон канал чыгарылган. Плотинанын узундугу 265 м, туурасы 6 м, эң бийик жери 40,5 м. Суу толтуруу жана сугатка чыгаруу иштери автоматташтырылып, телемеханикалаштырылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2 Мамлекеттик энциклопедия борбору

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]