Наманган уезди

Википедия дан

Наманган уезди (1876–1924) – Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу аймактык бирдик. М. Д. Скобелев жетектеген орус аскери Наманган шаарын алгандан (26-сентябрь, 1875) кийин түзүлгөн. Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш, чыгыш тарабынан (Нарын – Сыр-Дарыянын чыгышы – Чаткал тоо кыркалары менен чектелген) орун алып, жалпы аянты 15273,4 км2 (вёрст) түзгөн. Калкы 1896-жылы 1-январдагы эл каттоо боюнча 208940 жан (105212 эркек, 103728 аял) болуп, анын ичинен жергиликтүү калк (көчмөн жана отурукташкан) 207543 болгон. Н. у. 27 болуштуктан туруп, бешөө (Кырк уул, Саруу, Чаткал, Арым, Суусамыр) көчмөн болуштуктар болгон. Түркстан крайында Совет бийлигинин орношу менен (к. Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү) 1924-жылы Н. у-нин 10 болуштугу Кара Кыргыз АОсунун курамына өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]