Намыс жана сокур ишеним (тасма)

Википедия дан
Намыс жана сокур ишеним (Лондон, 2005-ж.).

"Намыс жана сокур ишеним" (англ. Pride and Prejudice) - 2005-ж.чыккан Англо-Америкалык романтикалык драма. режиссеру Джо Райт, тасма 1813-ж. ушул эле ат менен жарыкка чыккан Джейн Остиндин романынын негизинде тартылган. Тасма Англиялык жер ээсинин беш кызынын үй бүлөө куруу,адептүүлүк жана туура эмес ойлоо көйгөлөрү менен кездешүүсү жана ал көйгөйлөр менен болгон күрөшүүлөрүн чагылдырат. Башкы Элизабет Беннеттин ролун Кира Найтли жаратса, Мэтью Макфайден анын романтикалык кызыгуусун жараткан Мистер Дарсинин ролун ойногон. Тасма Воркинг Тайтл Филмс жана Студио Канал тарабынан жарыкка чыккан, 2005-ж. 16-сентябрында Англия, ал эми 11-ноябрда АКШ кинотеарларында көрсөтүлгөн.

Тасмада реализм, романтизм жана үй бүлөө тамалары баса белгиленген. Тасманын жаш муунга ылайыкталганы белгиленген, Джейн Остиндин романынын негизинде тартылгандыгы жарыялангына чейинки жарнамаларда 2001-ж.чыккан романтикалык тамашалуу "Бриджит Джонстун күндөлүгү" тасмасынын режиссерлоруна таандыктыгы айтылган. Намыс жана Сокур Ишеним дүйнө жүзү боюнча болжол менен 121 млн долларлык киреше тапкандыгы коммерциялык ийгилик катары эсептелген. Намыс жана Сокур Ишеним аты универсалдуу ат катары кабыл алынып, Метакритиктин баалосу боюнча 82% рейтингти багынткан. 78чи Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде Кира Найтли "Эң мыкты актриса" наамын жеңип алган. Остиндин изилдөөчүлөрү Райттын тасманын салттуу бөлүктөрүн "жаш муунга ылайыктуу тасма тартуу техникаларын колдонуу менен" гибрит жанрын чыгаргандыгын ачылыш кылышкан.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]