Нанаева Мария

Википедия дан
Нанаева, Мария‎»‎ барагынан багытталды)
Нанаева Мария
Төрөлгөндөгү аты:

Нанаева Мария

Ишмердүүлүк тармагы:

Фармакология

Туулган датасы:

22 -ноябрь 1927(1927-11-22)

Туулган жери:

Арал айылы, Сырдарыя губерниясы, Кыргыз АССР

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Өлгөн датасы:

2020 жыл(2020)

Күйөөсү:

Оторбаев Кайып

Балдары:

Жоомарт Оторбаев
Чагатай Оторбаев

Мария Токтогуловна Нанаева—1927-жылы 22-ноябрда туулган, Арал айылы, Сырдарыя губерниясы, Кыргыз АССРи, РСФСР (азыркы Талас облусу, Кыргызстан) — советтик жана кыргыз фармаколог, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү (академик). Бишкек шаарынын ардактуу атуулу.

Билими жана эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1949-жылы Мария Нанаева Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплому менен аяктаган.

Мария Нанаева Н.И.Пирогов атындагы Москва 2-мамлекеттик медициналык институтунда аспирантураны бүтүрүп, 1952-жылы кандидаттык диссертациясын мөөнөтүнөн мурда коргогон.1952-жылы кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин Мария Токтогуловна Москванын экинчи медициналык институтунун фармакология кафедрасына ассистент болуп калтырылган.

1954-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда окутуучу болуп иштей баштаган.

1955-жылдан 1960-жылга чейинки мезгилде фармакология кафедрасында адегенде ассистент, андан соң доцент болуп иштеген. 1961-жылдан 1997-жылга чейин – фармакология кафедрасынын башчысы. Кыргызстанда иштеген бир топ дарыгерлерди даярдаган.

1974-жылы бийик тоо фармакологиясы деген темада докторлук диссертациясын жактаган. Бийик тоо фармакологиясынын кыргыз илимий мектебинин негиздөөчүсү болгон.

Анын илимий жетекчилиги астында 4 докторлук жана 12 кандидаттык диссертация корголгон.

Мария Нанаеванын 200дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы, 80ден ашык окуу-методикалык сунуштамалары, 9 ойлоп табуусу, 15 окуу китеби жана окуу куралдары, 80ден ашык окуу-методикалык сунуштамасы жарык көргөн.

Негизги илимий иштердин арасында төмөндөгүлөр бар:

  1. Отоларингологиядагы клиникалык фармакологиянын негиздери. Фрунзе, 1992.
  2. Дары каражаттарынын өз ара аракеттенүүсү. Фрунзе, 1992.
  3. Борбордук нерв системасына таасир этүүчү каражаттар (окуу-метод. сунуш.) Бишкек, 1998-ж.
  4. Ткандык алмашуу процесстерине жана аткаруу органдарынын функцияларына таасир этүүчү каражаттар (окуу-метод. сунуш.). Бишкек, 1998-ж.
  5. Сезгенүүгө каршы, аллергияга каршы, иммунотроптук каражаттар. Химиотерапиялык каражаттар. Бишкек, 1999.

Сыйлыктар жана номинациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) негизги жана клиникалык фармакология кафедрасына Мария Нанаеванын ысымы ыйгарылган.

Мария Нанаева Фрунзе шаардык депутаттар кеңешине үч жолу депутат болуп шайланган.

“Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун жана Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Мария Нанаева – Бишкек шаарынын ардактуу атуулу.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1954-жылы Кайып Оторбаевич менен Мария Токтогуловна баш кошуп, үй-бүлө курушкан. Көп өтпөй эки уулдуу болушкан – Жоомарт жана Чагатай.

Жолдошу Кайып Оторбаевгеография илимдеринин доктору, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги.

Уулу – Жоомарт Кайыпович Оторбаев – кыргыз саясатчысы, 2014-жылдын 25-мартынан 2015-жылдын 24-апрелине чейин Кыргызстандын премьер-министри.

Кичүү уулу – Чагатай Оторбаев[1] – Медициналык академиянын патологиялык физиология кафедрасынын доценти.

Мария Нанаева 2020-жылы 93 жашында каза болгон[2]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Оторбаев Чагатай Кайыпович
  2. Ушла из жизни почетный академик НАН КР, заслуженный врач КР Мария Нанаева (некролог)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]