Нансен чокусу
(«Нансен, чокусу» барагынан багытталды)
Нансен чокусу — Эңилчек кырка тоосунун эң бийик чокусу. Бийиктиги 5722 м. Тоонун ортоңку бөлүгүнөн түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан. Бардык тарабы мөңгүлүү. Норвегиялык илимпоз жана саякатчы Ф. Нансендин ысмынан аталган.