Нан дарагы

Википедия дан

Нан дарагы - тыт тукумундагы өсүмдүк.

Бийикт. 30—35 м, айчык жана бүтүн кыр жалбырактуу, мөмөсү — сөөкчө, калың эттүү, өсүп кеткен гүл коргонуна жыш жайгашып, топ мөмөнү түзөт, чоңдугу ашкабактай, 20—25 кга жетет, крахмалга бай.

Бышырылган жанa куурулган түрүндо желет. Уругу (кээсиники жок) майлуу, куурулган же чийки бойдон тамакка пайдаланылат. Түш.-Чыгыш Азияда ж. б. тропик райондордо 50дөй түрү өсөт. Алардын ичинен кадимки жана индия Нан дарагынын мааниси чоң. Инди-Кытай, Молукк жана Зонд а-дарынын нымдуу жерлеринде өсөт, о. эле эгилме түрү бар. Нан дарагынын жыгачынан түрдүү буюм жана дары жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.