Нара

Википедия дан
Нара.

НараЯпониядагы музей-шаар. Япониянын 710–84-жылдардагы алгачкы борбору. Хонсю аралында жайгашкан. Нара префектурасынын административдик борбору. Калкы 365,2 миң (2010). Станок куруу, электр-техникалык, жыгаччылык, трикотаж өнөр жай ишканалары өнүккөн. Көркөм буюмдар жана оюнчук чыгарылат. Университет, музейлер (чыгыш элдеринин мадабияты, Ямато бунканан, улуттук, сүрөт) бар. Якусидзи, Кофукудзи кечилканалары (экөө тең 7–8-кылымдынбашы), Тодайдзи, Тосёдайдзи, Син-Якусидзи (баары 8-кылым) сепилдери будда айкелдери менен, Сёсо-ин сактоочу жайы (императорлордун баалуу буюмдары) сакталган. Туризмдин борбору. Н-нын тарыхый эстеликтери Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]