Нарай, Ноокат району

Нарай айылы округу- Бул айыл илгертеден эле Нарай деп аталып келген. Ар бир айлыдын өзүнүн жетишкендиктери жана өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Нарайдын суусу таза жана алмасы жакшы. Нарайда өзүбүздун Нарай орто мектеби бар жана мечитибиз бар. Биздин айылыбызда 3 чоң уруу бар алар: Төөлөс, Калдар, Найман.

Отурукташкан жай
Нарай
Район Кыргызстан
Статус Нарай
Координаттар 40°17′09″ с. ш. 72°20′59″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1780-1790 жылдары
Мурунку аталышы Нарай
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 2 261 [1] адам (2009)
Жыштыгы 3500 адам/км²
Диний курамы Ислам
Сандык идентификаторлор
Нарай, Ноокат району (Кыргызстан)

Нарай (кырг. Нарай) — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Ноокат районундагы айыл. Он Эки-Бел айыл округу составына кирет.

Индекс 723416 - Нарай, село

Мектеп ачылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Президент Алмазбек Атамбаев 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Нарай айылындагы жана Каныбек Асранов атындагы мектептердин ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. “Сиздердин кесип сый-урматка татыктуу, ал эми "мугалим" деген сөздү адамдар ыраазычылык жана урмат менен кабыл алышат. Эң катаал мезгилдерде да сиздер өз кесибиңерди таштабай эмгектендиңиздер. Сиздер бүт убактыңыздарды биздин балдарды окутуп, тарбиялоого коротосуздар, өз өмүрүңүздөрдү мамлекеттин келечегине арнадыңыздар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, мектеп балдарга билим гана эмес, нравалык тарбия да бериши керек. “Силер жакшы окушуңар керек, анткени өлкөнүн келечеги силердин колуңарда. Ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан Уркуя Салиева, Төрөбай Кулатов жана Насирдин Исановго окшогон жердештериңер сыяктуу көрүнүктүү адамдар чыксын”, - деди өлкө башчы. Мамлекет башчысы мектептерге окуу китептерин жана компьютердик техникасын тартуулады.  

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 2 261 киши.[1]

3 000 киши (2014)

4 200 киши (2019)

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.

2.


thumbnail