Мазмунга өтүү

Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна

Википедия — ачык энциклопедия
Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна
Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылыштагы депутаты
желек
желек
 
Жарандыгы:  Кыргызстан
Туулган жылы: 19 -февраль 1994(1994-02-19) (31 жаш)
Туулган жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Кара-Дыйкан айылы
Партиясы: "Мекенчил" (2015-2017-жж.)

"Бүтүн Кыргызстан" (2020-2024-жж.)

Нарматова Орозайым Көчкөнбаевнасаясатчы, коомдук ишмер, жеке ишкер, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, "Жаштар коому" коомдук бирикмесинин төрайымы, "Эркиндик" маалымат порталынын негиздөөчүсү.

Өмүр баяны жана үй-бүлөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орозайым Нарматова — 1994-жылы 19-февралда Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылында туулган.

Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү. Бир агасы (2021 - жылы каза болгон), бир эжеси бар.

Апасы Марапат Акжолова эл агартуу тармагында 30 жылдан ашуун иштеген, коомдук-саясий иштерде активдүү атуул болгон.

Атасы Нарматов Көчкөнбай Жапаров-Ташиев тандеминин активдүү колдоочусу, коомдук иштерде активдүү жаран.

2013-жылы — Москвадагы колледжди бухгалтер-экономист адистиги боюнча аяктаган.

2017-жылы — Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин "Журналистика" адистигин аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылы — "Мекенчил Жаш" коомдук бирикмесинин маалымат порталынын Москвадагы кабарчысы;

2013-жылы — Москвадагы "Жаштар коому" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү;

2013-жылы — "Эркиндик" маалымат порталынын негиздөөчүсү жана башкы редактору;

2014-жылы — "Жаштар коому" коомдук бирикмесинин курамында Россиянын "Единая Россия" саясий партиясынын жаштар канаты менен биргеликте достук мамилелердин активисти болгон;

2015-2017-жылы — "Мекенчил" саясий партиясынын теңтөрагасы;

2016-жылы — Орусиядагы "Айымдар" коомдук бирикмесинин теңтөрагасы;

2017-жылы — "Менин укугум бар" жана "Мен макул эмесмин" коомдук кыймылдарынын активисти;

2020-жылы — Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясы менен 8-орунда шайлоого катышып, парламентке өткөн. 6-октябрда башталган элдин нааразычылык толкунунда аталган партия парламентке өткөнүнө карабай, шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилеп, жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан.

2021-жылы — Жогорку кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

2022-жылдын 20-январында Борбордук Шайлоо Комитети Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин жана Билим берүү министрлигинин маалыматына таянып, Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыраткан.

2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү стратегиялык жактан калпыс кадам болот деп мындай чечимге каршы чыккан адамдардын катарында болуп, ушул эле жылдын 27-октябрында Москва шаарынан кармалып келинген. Бул иш боюнча Бишкектеги номер биринчи тергөө абагында 3 ай камакта отуруп, ден-соолугунун абалына байланыштуу тергөө абагынан бошотулган.

2020-2024-жылы — "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү.

Орозайым Нарматова учурда "Ак-Нур" коомунун негиздөөчүсү, "Serep MEDIA" медиа холдингинин ээси.


https://who.ca-news.org/people:32890

https://ru.sputnik.kg/20200917/orozajym-narmatova-biografiya-spravka-1049783284.html

https://centrasia.org/person2.php?st=1597927045

https://www.vb.kg/doc/430947_orozayym_narmatova:_madymarov_sovsem_nam_zamorochil_golovy.html

https://vesti.kg/politika/item/105900-orozajym-narmatova-vodvorena-v-sizo-1.html

https://www.currenttime.tv/a/v-moskve-zaderzhali-byvshego-deputata-parlamenta-kyrgyzstana-orozayym-narmatovu-/32104299.html

https://bulak.kg/2022/11/03/orozajym-narmatova-pozhalovalas-na-beschelovechnoe-otnoshenie-so-storony-sotrudnikov-guvd/

https://npm.kg/ru/news/orozajym-narmatova-soobshhila-o-beschelovechnom-otnoshenii-sotrudnikov-guvd-g-bishkek/

https://rus.azattyk.org/a/32247002.html

https://kaktus.media/doc/501442_orozayym_narmatova_vyshla_s_doprosa_v_gknb.html

https://rus.azattyk.org/a/32950007.html

https://www.youtube.com/watch?v=xf-AVLeYaow&t=204s

https://www.youtube.com/watch?v=04VOasuREY0