Мазмунга өтүү

Нарматов Бегалы Исаевич

Википедия дан

Нарматов Бегалы Исаевич (10.6.1957-ж.т., Чаткал р-ну, Айгыр-Жал айылы) - СССР Жогорку Советиңин (1989), Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1985-90). Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн.

  • 1974-76-жылдары Чаткал р-нундагы «Каныш-Кыя» совхозунда чабандын жардамчысы,
  • 1976-90-ж.башкы чабан болуп иштеген.
  • 1991-жылдан өзү түзгөн «Максат» дыйкан чарбасын жетектөөдө.
  • Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1980), Кыргызстандын мал чарбасына эмгек сиңирген устаты (1989).
  • “Ленин”, “Октябрь Революциясы”,
  • 2 жолу “Ардак Белгиси” ордендери, эки алтын жана бир күмүш медалдар менен сыйланган.
  • Бир нече жолку Өкмөттүк, республикалык, облустук жана райондук сыйлыктардын ээси.
  • Райондун «Ардактуу атуулу» (2011).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6