Мазмунга өтүү

Нармырзаев Чотбай

Википедия — ачык энциклопедия

Нармырзаев Чотбай (1926, Айгыр-Жал айылы - 7.12.2013, ошол эле жер) - СССР журналисттер союзунун мүчөсү, райондун ардактуу атуулу.

  • Фрунзе педагогикалык окуу жайын (1951),
  • Республикалык Жогорку партиялык мектепти (1959), Ош мамлекеттик педагогика институтун (1963) бүткөн.
  • 1945-52-жылдары Айгыр-Жал мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1952-53-жылдары райондук комсомол комитетинде катчы,
  • 1953-55-жылдары райндук «Социалисттик мал чарба» гезитинде редактор,
  • 1960-80-жылдары Ала-Бука жана Жаңы-жол райондук партия комиНармырзаев Ч.
  • теттеринде инструктор,
  • 1980-83-жылдары Чаткал райондук аткаруу комитетинде эмгекке жайгаштыруу бөлүмүнүн уполномочени,1984-86-жылдары райондук “Чаткал оттору” гезитинин редактору,
  • 1986-91-жылдары райондук билим коомунун жооптуу катчысы болуп иштеген.
  • «Чаткал районунун тарыхы» (2004), «Терек-Сай аймагынын тарыхы» (2009), “Кенжелердин тилеги” (2009) китептеринин, көптөгөн макалалардын автору.
  • Грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6