Нарт эпосу

Википедия дан

Нарт эпосу – кавказ элдеринин монументалдуу эпосу; өзүнчө бир ынтымакты түзгөн баатырлардын эрдиктери баяндалат. Нарт эпосу абхаз, балкар, карачай, ингуш, чечендерде да айтылат. «Нарттар» термини өзүнчө баатырдык топту түзгөн эпос каармандарынын жалпы атын туюндурат. Топтун башчысы сыйкырчы, акылман, кеңешчи - Сатана (адыгэлерде жана абхаздарда - Сатаней), айрым варианттар боюнча Уархаг - эгиздер Хсар менен Хсартагдын атасы делет. Нарт эпосунун пайда болушу жөнүндө маалымат так эмес. Эпостун негизин Биздин заманга чейинки 7-4-кылымда скиф доорунда чыккан байыркы алан эпикалык цикли түзөт. Эпопеянын улуттук варианты жергиликтүү фольклордон байыган. Анда негизинен матриархаттын калдыгы сакталган уруучулук коом турмушу көрсөтүлөт, кийинки коомдук формациялардын элементтери да камтылган. Тексти 19-кылымдын ортосунан тартып кагазга түшүрүлө баштаган. Нарт эпосу немис, англис, француз тилдерине которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]