Нарын Айып

Википедия дан

Нарын Айып (Нарынбек Айыпович Идинов) (06. XI. 1952-ж.т., Нарын обл., Жумгал району) — журналист.

1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1974-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн. Дипломдук ишин Новосибирск алдындагы Академ шаарчасында Новосибирск мамлекеттик университетинин физика факультетинде аткарган. 1975-1976-жылдары Москвадагы Ломоносов атындагы университеттин физика факультетинде стажировкадан өтүп, Кыргыз улуттук университетинде мугалим болуп иштегенден кийин, 1977-1980-жылдары СССР Илимдер академиясында аспирантураны аяктап (Н.Намёткин атындагы Нефтехимиялык синтез институту - ИНХС), Москвада 1982-жылдан 1993-жылга чейин СССР Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген (Жогорку температуралар институту - ИВТАН).

1980-жылы Ташкен жана 1981-жылы Минск шаарларыңда СССРдин Спорт жана дене тарбия комитети тарабынан уюштурулган мамлекеттик аттестациядан өтүп, каратэ боюнча машыктыруучу деген наам алган жана кийин Бишкек менен Москвада, илимий иштер менен кошо, спорт мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенген.

1990-жылдын ноябрынан тартып, Нарын Айып өз каражатына Москвада «Мүрөк» аттуу көз карандысыз эки тилдүү (кыргызча-орусча) гезит чыгарып, ага эки жыл баш редакторлук кылган. 1993-жылдын башында Мюнхен шаарында жайгашкан «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна чакырылып, интервьюдан өтүп келген жана анын аралыгында Бишкекке убактылуу келип, 1993-жылдын апрелинен октябрга чейин «Res Publiсa» эркин гезитинде баш редактордун орун басары болуп иштеген. 1993-жылдын ноябрынан тартып, Нарын Айып Мюнхенде «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган жана 1995-жылы (радио Мюнхенден Прагага көчкөндөн соң) ал кызматтын директорунун орун басары болгон.

2000-2002 жылдары «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Кыргыз кызматынын баш редактору болуп эмгектенген.

2003-2007-жылдары Прагада Нарын Айып Кыргызстандагы окуяларды камтыган «Kyrgyz Weekly» аттуу көз карандысыз жумалык электрондук бюллетенди орус жана англис тилдеринде чыгарып келген (https://kyrgyz-weekly-e.livejournal.com/ жана https://kyrgyz-weekly-r.livejournal.com/). 2007-жылдын ноябрында радиодон кетип, 2008-жылдын апрелине чейин Прага шаарында орусча чыкчу «ApбатNews» гезитине баш редакторлук кылган.

2008-2010-жылдарда Бишкекте Улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору болуп иштеген, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) «Ала-Тоо» маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы «Вечерний Бишкек» гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп эмгектенген.«Вечерний Бишкек» гезити рейдерлик жол менен тартып алынганда, 2015-жылдын август айында андан кетип, Zanoza.kg сайтын чыгарган «ПроМедиа» коомдук фондунун үч негиздөөчүсүнүн бири болгон (калган экөө - Геннадий Кузьмин жана Дина Маслова). 2016-жылдын апрелинде «ПроМедиа» фондунун президенти болуп шайланган.

«ПроМедиа» коомдук фондуна Zanoza.kg деген аталышты пайдаланууга 2017-жылдын июлунда сот чечими менен тыюу салынганда, NarynAiypCom http://narynaiyp.com Archived 2021-06-18 at the Wayback Machine деген өз алдынча сайт негиздеген. 2018-жылдын августунан тартып Бишкектеги Бешинчи телеканалда баяндоочу жана алып баруучу болуп эмгектенет, орус жана кыргыз тилдеринде «О главном», «Кеп ошондо», «Күнөзөк», «Главные итоги» деген аталыштагы жана башка программаларды алып барат.

СССР Илимдер академиясында иштеп жүргөн кезде, Нарын Айып бир нече илимий макаласын Москвадан чыгуучу СССРдин алдыңкы илимий журналдарында жарыялаган жана бир катар эл аралык илимий конференцияларда доклад жасаган.

Кийин, Прагада иштеп жүргөндө, Чехия, Улуу Британия, Германия жана АКШда өткөн конференцияларга катышып, Кыргызстандагы абал тууралуу англисче доклад жасаган, анын Кыргызстан жөнүндөгү макалалары Чехия, Швеция, Россия жаш АКШ маалымат каражаттарында жарыяланган.

Фейсбуктагы барактары: https://www.facebook.com/idinovn жана https://www.facebook.com/narynaiyp/, Интернет-сайты: http://narynaiyp.com Archived 2021-06-18 at the Wayback Machine Колдонулган адабияттар Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4