Нарын чопо кени
Көрүнүш
Нарын чопо кени Нарын районунда, Нарын шаарынан 1,5 км түндүк тарапта, Нарын дарыясынын оң өйүзүндөгү 2-тектирде. 1939-ж. табылган. 1950-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын антропогендин аллювий борпоң чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар чаң сымал, саргыч, боз, күрөң түстөгү чоподон турат. Катмардын орточо калыңдыгы 4,5–10 м, чет-жакасы 0,14–4,90 мге чейин жукарат. Арасында калыңдыгы 0,05–0,3 м келген кум жана шагыл кабатчалары кездешет. Жакшы нымдалат, ийилгичтиги жогору. Чопо химиялык-технологиялык касиети боюнча «100», «125» маркасындагы курулуш кирпичин даярдоого жарактуу. Запасы А+В категориясы боюнча 638 миң м3. Кенди карьерден казып алуу менен Нарын кирпич заводу пайдаланууда.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7