Нарын (аэропорт)
Нарын аэропорту | |||
---|---|---|---|
IATA: жок (НЫН) – ICAO: UCFN | |||
Кыскача маалымат | |||
Түрү | жарандык | ||
Өлкө | ![]() | ||
Ээси | "Кыргызстан аэропорттору" ААК | ||
Оператору | өкмөт | ||
Тейленүүчү шаар | Нарын | ||
Жайгашкан жери | Нарын, Кыргызстан | ||
ДД бийиктиги | 6,998 ft / 2,133 m | ||
Координаттары | 41°26′29″ с. ш. 076°07′50″ в. д.HGЯO | ||
Учуп-конуу тилкелери | |||
Багыты | Узундугу | Төшөмү | |
m | ft | ||
08/26 | 2,145 | 7,037 | Асфальт |
Нарын аэропорту (англ. Naryn Airport; орус. Нарынский аэропорт) (IATA: жок (НЫН), ICAO: UCFN) — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын шаарына кызмат көрсөтүүчү аэропорт.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Нарын аэропорту 1930-жылдары Нарын шаарынын четинде жайгашкан Салкын-Төр айылында конуу тилкеси катары иштей баштаган. Азыркы терминал имараты 1964-жылы курулган. Учуп-конуу тилкеси, рулеж жолдору жана токтотуучу аянт 1974-жылы пайдаланууга берилген. Аэропорт аймактык маанидеги 3С класска кирет. 08/26 багытындагы учуп-конуу тилкесинин жүк көтөрүмдүүлүгү 22 тонна менен чектелген. Прибордук кондуруу жабдуулары жок болгондуктан, аэропорт күндүз гана иштейт.
Нарын аэропортунда бажы жана чек ара көзөмөлү жок. Ал Кыргызстан ичиндеги каттамдарды гана тейлейт. СССР тараганга чейин бул аэропорт тоолуу аймакта маанилүү ролду ойногон. Бирок жүргүнчүлөрдүн жетишсиздигинен жана аба каттамдарынын азайышынан улам 1999-жылдан бери иштебей калган. 2000-жылга чейин аэропорт Жалал-Абад, Казарман, Ош жана Бишкек шаарлары менен жыл бою аба байланышта болгон.
Кайра куруу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2023-жылдын 11-мартында Нарын облусуна болгон иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Нарын аэропортунун реконструкция иштери менен таанышкан. Реконструкциянын алкагында учуп-конуу тилкесинин, рулеж жолунун жана учак токтотуучу аянттардын асфальт-бетон жабуусун оңдоо пландалган[1]. 2024-жылдын сентябрь айында реконструкция иштери соңку баскычына жеткен[2].
Авиакомпаниялар жана багыттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Авиакомпания | Багыты | Эскертүүлөр |
---|---|---|
![]() |
Бишкек | жакында |
Кырсыктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2007-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык Яковлев ЯК-40 (борт номери EX-901) учагы «Манас» эл аралык аэропортунан QH4452 текшерүү рейси менен Тамчы, Нарын жана Казарман багыттарында учкан. Тамчыдан учуп чыккандан кийин 30 мүнөт өтпөй №3 кыймылдаткычтын газ температурасы көтөрүлүп, термелүүлөр башталган. Бортинженер кыймылдаткычты өчүргөн. Ошол эле маалда №1 кыймылдаткычтын температурасы да жогорулай баштаган. Капитан бул кыймылдаткычтагы күчтү 80% га чейин азайтууну буйруган. Учак ошол учурда Каракужур өрөөнүнүн үстүндө болгон. Кыймылдаткычтардын чектелүү иштеши жана аймактагы бийик тоолордон улам учак Нарынга жетүү мүмкүн болбой калган. Капитан мурда АН-2 учагы менен конуп жүргөн, деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикте жайгашкан айыл чарбага арналган чакан конуу тилкесин эстеген. Ал тилке даяр эмес болгон, таштар (40 смден чоң), сугат арыктары жана жанында сай бар эле. Учак саат 11:14тө авариялык конуу жасап, андан кийин күйүп кеткен. Борттогу 13 адамдын баары тирүү калган[3].
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Скоро в Нарын можно будет летать. Идет реконструкция аэропорта (орусча). kaktus.media. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2025.
- ↑ Аэропорт в Нарыне скоро заработает. Как он выглядит сейчас (орусча). kaktus.media. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2025.
- ↑ Учак кырсыгы Яковлев ЯК-40 (борт номери EX-901) (англ.). Aviation Safety Network. Текшерилген күнү 25 -май (бугу) 2025.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]![]() | |
---|---|
Эл аралык | Манас • Ош • Ысык-Көл • Каракол • Баткен |
Жергиликтүү | Жалал-Абад • Казарман • Кербен • Нарын • Талас • Раззаков |
Аскер | Кант |
Иштебейт | Чолпон-Ата • Кызыл-Кыя • Тамга • Токмок • Токтогул |