Нарын II аки таш кени
Көрүнүш
Нарын II аки таш кени - Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарынан 5,5 км түндүктө, Фергана тоо тизмегинин Түштүк этегинде жайгашкан. 1954-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбондун кумдак, сланец, алевролит, конгломерат жана акиташ тектери түзөт. Аки таш катмарынын калыңдыгы 80 м, өңү агыш боз, бозомтук, массивдүү. СаО - 54,45%, MgO - 0,58% , башка - 42,14% . Эзилбеген калдык 1,22%. Суукка чыдамдуулугу 620. Баланстык запасы В+С, категориясы боюнча 123,5 мин м3. Портланд цементи менен курулуш акисин алууга жарамдуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7