Насадкалар
Көрүнүш
Насадкалар – ар түрдүү формадагы жыгач, металл, айнек, пластмасса жана керамика материалынан жасалган жеңил тетиктер. Масса жана жылуулук берүү процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатат. Н. – абсорбция, ректификация, экстракция, конденсациялоо аппараттарында колдонулат. Н. беттеринде суюктук пленка түрүндө агып, газ менен тийишүүгө учурайт. Н. бош, бекитилген түрдө аппаратта жайгашат. Н. формалары шакекче, тегерек, ролик, шар, жарым сфера, ээр токум түрүндө болушу ыктымал. Мисалы, айрыкча көп таралган Рашиг шакекчесинин диаметри 50 мм. Кээ бир учурларда Н. беттеринде жол-жол издер жасалып фазалардын тийишүү бетин чоңойтууга шарт түзүлөт. Н. дат баспоочу, жеңил, боштук көзөнөктөрүнүн болушу менен мүнөздөлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6