Насирдин Байтемиров

Википедия дан
Насирдин Байтемир
Туулган датасы:

14 -апрель 1916(1916-04-14)

Туулган жери:

Чүй районунун Кегети айылында

Өлгөн датасы:

1996 жыл(1996)

Өлгөн жери:

Бишкек

Насирдин Байтемир - жазуучу, акын, драматург. 1916-жылдын апрель айында Чүй районунун Кегети айылында дыйкандын үй-бүлѳсγндѳ туулган.Айылдык мектепти бүтѳѳрү менен Фрунзедеги зооветинституттун даярдоо бѳлγмγнѳ ѳтγп, 1934-жылы 1-курсуна кабыл алынат. 1934-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде «Жаш тилек» аттуу алгачкы ыры жарыяланат. 1937-1939 жылдары аскер кызматын ѳтүп келери менен энесинин, айрыкча агасы Касымдын айткан жомокторунун негизинде жазылган «Жомоктор» деген китеби жарык кѳрѳт. Белгилγγ прозаик, акын жана драматург Насирдин Байтемировдун апасы жомокчу, кошокчу болгон. Энеси Аруукенин кошоктору, Калмырза, Жаманкул менен Осмонкул сыяктуу атактуу ырчылардан уккан жанды тандаткан,нѳшѳрлѳп тѳгγлгѳн ырдын арасында чоңойгон.

Ишмердик жолу жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Согуш жылдарында ал айылда жγрγп,бухгалтер,зоотехник,мугалимдин жана комсомолдук иштерде иштеди. Дал ушул элет жеринде Н. Байтемиров жазуучу γчγн эн зарыл болгон турмушту γйрѳнγγ менен кийинки жазылуучу чыгармаларына бай материал жыйнайт. 1945-жылы Фрунзеге келип, «Кызыл Кыргызстан» газетасына кызматка орношот. Ушундан баштап эл аралап,чонураак чыгарма жазууга камынды. Натыйжада «Азамат» аттуу повесттин жарыкка чыгарды. Мында автор согуш учурундагы ѳлкѳнγ коргоо γчγн бγткγл кайрат-кγчγн жумшаган кыргыз учкучу Азаматтын образын тγзγγгѳ аракеттенет. Ошондой эле ооруктагы оор окуяларды ишунимдγγ сγрѳттѳѳ менен, кыргыз элинин убадага, достукка, сγйγγгѳ бекем асыл сапаттарын таамай чагылдырууга далалаттанат. Н. Байтемиров жетишерлик турмуштук, жазуучулук тажрыйба топтогон кезде да адабий билимин кѳтѳрγγнγ энсеп, Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтуна кирип,аны 1955-жылы бγтγрдγ. Жазуучунун «Акыркы ок» романынын жарык кѳрγшγ дал ушул жылга туш келет.Буга аялдар темасындагы γч романы жарыяланып, алар авторду кыргыз адабиятындагы белгилγγ романчы катары таанытты. «Жылдызкан» романында сγрѳткер «Жаш жγрѳктѳрдѳй» даяр каарманды албастан, Жылдызкандын кичинекей кезинен тартып кандай турмушту башынын ѳткѳргѳнγн,кѳз карашынын калыптанышын, кулк-мγнѳзγн, дγйнѳ таанымын ар тараптан кенири сγрѳттѳп жγрγп олтурат.1966-жылы жарык кѳргѳн «Тарых эстелиги» сγрѳткерге реалисттик проза жазуунун чыгаан ѳкγлдѳрγнγн бири, тарыхый роман жаратуунун чыныгы мастери атак-данк алып келди. Н.Байтемиров γчγн «Уркуя» эч качан ѳзγнγн актуалдуулугун жоготпой, ал гана эмес, биротоло жазуучунун стихиясына айланып кеткендиктен, автор бул темага кайра-кайра кайрылып, «Уркуя» поемасын, «Уркуя» драмасын жазып, ар кандай жанрдагы жаны чыгармаларды жарата берγγдѳн тажаган жок. Ал «Уркуядан» башка да «Кγйѳѳ», «Ким кγнѳѳлγγ?», «Жолдо», «Адамдын аты» драмаларын, «Эненин жγрѳгγ», «Аста,секин колукту» музыкалуу комедияларын жазган.Эн негизгиси, Н.Байтемировдун калеминен «Сонундар дγйнѳсγ» (1967), «Турмуш элегии» (1972), «Санта» (1970), «Козголончу аял жана сыйкырчы» (1984) сыяктуу кѳркѳм дѳѳлѳттѳр жаралып, кыргыз адабиятыда роман жанрынын бѳксѳсγн толтурууга зор γлγш кошту.Н.Байтемиров –поезия жанранда да γзγрлγγ эмгектенген кыргыз акындарынын ирилеринин бири.Башкасын айтпаганда да, «Жγрѳк кγγсγ» (1955), «Сγйгѳнγм» (1957), «Канаттуу кγндѳр» (1964), «Эриген таш» (1969), «Махабат дастаны» (1975), «Махабат жазы»(1979), «Махабатым –канатым» (1981) сыяктуу кѳлѳмдγγ ырлар жыйнактарынын ѳзγ эле кыргыз поезиясынын тарыхынан кѳрγнγктγγ орундардын бирин алып берγγгѳ кудурети жетет.

==[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фрунзедеги зооветеринария институтунда окуган. 1955-жылы Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.

1945-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин өз кабарчысы, 1947-1950-жж. жана 1955-1967-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабий консультанты, 1967-1978-жж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгына атайын кабарчы болуп иштеген.

Н. Байтемиров чыгармачылык ишин ыр жазуудан баштаган. Алгачкы китеби «Жомоктор» деген ат менен 1939-жылы жарыкка чыккан. Кыргыз Республикасынын Эл акыны.

«Махабатым канатым» аттуу жыйнагы 1984-жылы Кыргыз мамле-кеттик Токтогул атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Акын көптөгөн поэмалар, ырлар менен катар «Күйөө», «Айып кимде», «Уркуя» пьесаларынын, «Аста секин колукту» музыкалык комедиясынын либреттосун жазган. «Отко таазим» көркөм фильмин түзүүчүлөрдүн бири.

Н. Байтемировдун чыгармалары орус, украин, айрымдары чет тилдерге которулган. М.Ю.Лермонтовдун, В.В. Маяковскийдин, А.Навои ж. б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Н.Байтемиров «Кызыл Туу», «Ардак белгиси», «Эл достугу» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жомоктор: Ыр менен жазылган. - Ф.: Кыргызмамбас, 1939. - 23 б.
  • Азамат. - Ф.: Кыргызмамбас, 1948. - 43 б.
  • Салтанат: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1949. - 227 б.
  • Жаш муундар: Повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1951. - 272 б.
  • Бекем достук: Аңгемелер. - Ф.: Кыргызмамбас, 1952. - 84 б.
  • Жаш жүрөктөр: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1953. - 235 б.
  • Сагын: Повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1953. - 196 б.
  • Акыркы ок: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1955. - 363 б.
  • Жүрөк күүсү. - Ф.: Кыргызмамбас, 1955. - 140 б.
  • Акыл: Аңгеме, очерк, тамсилдер. - Ф.: Кыргызмамбас, 1956. - 184 б.
  • Жумушчу сөзү: Аңгеме, очерктер жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1956. - 155 б.
  • Камкордук. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. - 32 б.
  • Сүйгөнүм: Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1957. - 311 б.
  • Акыркы ок: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1958. - 333 б.
  • Камкордук: Мектеп жашындагы балдар үчүн. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. - 72 б.
  • Жылдызкан: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1959. - 428 б.
  • Сыр: Поэма. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. - 96 б.
  • Канаттуу күндөр: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1962. - 192 б.
  • Долон: Ырлар, поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1964. - 184 б.
  • Тарых эстелиги: Документалдуу тарыхый роман. - Ф.: Кыргызстан, 1966. - 343 б.
  • Сонундар дүйнөсү: Роман. - Ф.: Мектеп, 1967. - 394 б.
  • Акбаш: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1969. - 46 б.
  • Эриген таш: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1969. - 315 б.
  • Санта: Роман. - Ф.: Мектеп, 1970. - 208 б.
  • Турмуш элеги: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1972. - 356 б.
  • Махабат дастаны: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1975. - 202 б.
  • Тандалган чыгармалар. - Ф.: Кыргызстан, 1976. - 562 б.
  • Махабат жазы: Ырлар, поэмалар, дастан. - Ф.: Кыргызстан, 1979. - 308 б.
  • Махабатым - канатым: Ырлар, поэмалар, либреттолор. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 372 б.
  • Адику: Аңгемелерден турган повесть. - Ф.: Мектеп, 1984. - 164 б.
  • Дил адеби: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1986. - 304 б.
  • Эне күрп эмне үчүн ыйлады?: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1986. - 28 б.
  • Тандалмалар: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1988. - 408 б.
  • Махабат нуру: Ырлар жана поэмалар. - Б.: Адабият, 1991. - 304 б.
  • Кылымдар деми: Дастан, Казал, Ырлар топтому. - Б.: Учкун, 1994. - 400 б.
  • Махабат - элим, жерим, ата-тегим: Ырлар жана поэмалар. - Б.: Мамл. «Учкун» концерни, 1996. - 320 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • В одном совхозе. - М.: Сов. писатель, 1951. - 224 с.
  • Стихи. - М.: Сов. писатель, 1957. - 131 с.
  • Жылдызкан: Роман. - Ф.: Киргизгосиздат, 1958. - 422 с.
  • Последний патрон: Роман. - Ф.: Киргизгосиздат, 1958. - 225 с.
  • Сам виноват: Повесть. - Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. - 91 с.
  • Серебряная волна: Сборник стихов. - Ф.: Киргизгосиздат, 1958. - 139 с.
  • Последний патрон: Роман. - Ф.: Киргизгосиздат, 1962. - 232 с.
  • Бунтарка: Роман. - М.: Мол. гвардия, 1969. - 240 с.
  • Гнездо: Стихи и поэма. - М.: Сов. писатель, 1969. - 79 с.
  • Бунтарка и колдун: Роман. - М.: Мол. гвардия, 1971. - 464 с.
  • Памятник истории: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1974. - 260 с.
  • Сито жизни: Роман. - М.: Сов. писатель, 1977. - 319 с.
  • Мир прелестных: Роман и повесть. - М.: Сов. писатель, 1983. - 383 с.
  • Моя любовь - мои крыля: Стихотворения, поэма, роман в стихах. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 304 с.
  • Бунтарка и колдун: Роман. - М.: Худож. лит., 1984. - 512 с.
  • Там, где живет эхо: Рассказ. - М.: Дет. лит., 1984. - 16 с.
  • Сито жизни; Девичий родник: Романы. - М.: Сов. писатель, 1987. - 527 с.
  • Почему плакал старый индюк: Рассказы. - Ф.: Мектеп, 1988. - 32 с.

Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сито жизни: Роман. - Киев: Днипро, 1986. - 256 с. - укр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]