Наскеев Молдокмат
Көрүнүш
Наскеев Молдокмат (1916, Суусамыр өрөөнү -1995, Кожомкул айылы) - эмгек ардагери.
- Эмгек жолун Суусамырдагы «Үлгү» колхозунда баштаган.
- Кийинчерээк Быстровка - Балыкчы темир жолунун курулушунда эмгектенген.
- 1952-жылдан 1982-жылга чейин жылкы фермасында, андан соң аймактык бөлүм башчы (завучастка) болуп иштейт.
- 1982-ж. Суусамыр өрөөнү Жумгал районуна кошулганда «Кызыл-Ой» совхозунун директорунун орун басары болуп эмгектенген.
- «Эмгек ардагери», Лениндин 100, Улуу Жеңиштин 40, 50 жылдыгы юбилейлик медалдары жана Ардак грамоталар менен бир нече жолу сыйланган.
- Айыл чарба тармагындагы мелдештерде бир нече жолу жеңүүчү болуп, Москвадагы Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө сыйлык жолдомолору менен барган.
- Айылдык жана райондук кеңештерге бир нече жолу депутат болуп шайланган.
- Чал уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9