Насыя берүүчү
Көрүнүш
Насыя берүүчү ― 1) жарандык укукта башка тараптан – карызкордон кандайдыр бир аракетти жасоону (мүлк берүүнү, жумуш жасоону, акча төлөөнү ж. б.) же кандайдыр бир аракетти токтотууну талап кылууга укугу бар өзара милдеттенменин бир тарабы; 2) тар мааниде – бир тарапка (карыз алуучуга) кайырып берүү жана акы төлөө шарты менен акча каражатын (насыя) бере турган насыялык келишимдин бир тарабы.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7