Нахичеван автономия республикасы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Нахичеван автономия республикасы.

Нахичеван автономия республикасы - Азербайжан Республикасынын курамындагы административдик бирдик. 1924-жылы 9-февралда уюшулган. Аянты 5,5 миң км2. Калкы 400 миң (2009); негизинен азерилер (95,9%), ошондой эле орус, армян, татар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 33,2%. Борбору - Нахичеван. Административдик-аймактык жактан 6 районго, 4 шаарга жана 4 шаарчага бөлүнөт. Закавказье тайпак тоосунун түштүк-чыгышында жайгашкан (эң бийик жери 3904 м, Капутжук чокусу). Аймагынын 75% ке жакыны деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте. Түштүгүндө кенен түздүктөр, чыгышында Зангезур кырка тоосу созулуп жатат. Климаты кескин континенттик, кургак. Январдын орточо температурасы -3°Стан -14°Ска (тоолордо) чейин. Жылдык жаан-чачыны 200-600 мм. Негизги дарыясы - Аракс. Боз топурак басымдуу; тоолорунда тоо-токой жана тоо-шалбаа топурагы мүнөздүү. Шыбак жана шыбак-баялыштуу жарым чөл ээлейт. Тоо-кен (түстүү металлургия, таш көмүр), машина куруу жана металл иштетүү, жеңил (пахта тазалоо, жибек түрүү) тамак-аш (шарап, минерал сууларын бөтөлкөгө куюу, консерва), жыгаччылык, өнөр жай ишканалары иштейт.

Негизги өнөр жай борборлору: Нахичеван, Ильичёвск, Ордубад Аракс дарыясына ГЭС курулган. Айыл чарбасында тамекичилик жана дыйканчылык өнүккөн. Эт-сүт багытындагы бодо мал, жүн багытындагы кой асырылат. Бадамлы курорту иштейт. Нихичеван Түркмөнчай келишими боюнча 1828-жылы Россияга кошулган. 1923-жылдын февралында Азербайжандын курамында Нахичеван АССРи. 1990-жылдын ноябрынан Нахичеван Автономия Республикасы деген аталыш менен Азербайжан Республикасынын курамында.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]