Нахл сүрөсү

Википедия дан

* 16- сүрө «Нахл[1]»[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Меккеде түшкөн. Жүз жыйырма сегиз аяттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1.     Алланын буйругу келди[2].  Ага[3] шашылбагыла. Алла – алар кошкон шериктен абдан Аруу да, Бийик да!
  • 2.     Алла Өз пенделеринен каалаган адамга Өз буйругу менен периштелерди: «Чындыгында, Менден башка эч бир кудай жок. Ошондуктан Менден гана коркушсун деп эскерткиле!», – деген кабар менен түшүрөт.
  • 3.     Ал (Алла) асмандарды жана жерди  чындык менен жаратты. (Ал) алардын кошкон шериктеринен бийик.
  • 4.     (Ал) адам баласын бир тамчы суудан жаратты. Ошондой болсо да ал (адам баласы) ачык жаңжалчы.
  • 5.     Анан (Ал) малдарды жаратты. Малдарда да силерди жылыта турган[4] жана башка да пайдалар бар. Ошондой эле аларды жейсиңер.
  • 6.     Силер малдарды (оттоткону) айдап чыкканыңарда жана (оттотуп) кайра айдап келе жатканыңарда жагымдуулук бар.
  • 7.     Малдар – жаныңар кыйналып, араң шаарга жеткире турган жүктөрүңөрдү көтөрөт. Чындыгында, Эгеңер – Мээримдүү, Боорукер!
  • 8.     (Алла) жылкыларды, качырларды, эшектерди минишиңер жана кооздук үчүн жаратты. Ошондой эле Ал силер билбеген нерселерди да жаратат.
  • 9.     Туура Жолду түшүндүрүү – Аллага гана таандык. Анткени жолдордун кыйшыгы[5] да бар. Эгер Аллакааласа – баарын туура жолго салып коймок.
  • 10.             Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, андан суу, ал аркылуу малдарыңарды жайа турган дарак (жайыт)[6] жаратат.
  • 11.             Алла силерге суу аркылуу эгин, зайтун, курма дарактарын, жүзүмдөр жана бардык мөмөлөрдү өстүрөт. Дал мына ушунда түшүнө турган  коомдор үчүн белгилер бар.
  • 12.             Ал силер үчүн түндү, күндүздү жана күн менен айды баш ийдирди. Жылдыздар да Анын буйругуна баш ийишет. Так ушунда ойлонгон коом үчүн белгилер бар.
  • 13.             Силер үчүн жер жүзүндө өстүрүп койгон түрлүү түстөрдөгү нерселерде коом үчүн чындап насаат ала турган  өрнөк бар.
  • 14.             Ошондой эле, Алла жаңы эт жешиңер жана кооз нерселерди тагынууңар үчүн деңизди (силерге) багындырып койду. Алладан ырыскы издешиңер үчүн кеме сууну жиреп бара жатканын көрөсүң. Балким (Аллага) шүгүр кыларсыңар.
  • 15.             Силерди термелтүү үчүн жер жүзүндө аска тоолорду жайгаштырды. Багыт таап жүрүшүңөр үчүн өзөндөрдү, жолдорду жаратты.
  • 16.             Алардын[7] жол таап жүрүүсү үчүн (зарыл) белгилерди жана жылдыздарды (жаратты).
  • 17.             Жаратуучу менен жарата албаган[8] бирдей болобу?! Эми эсиңерге келбейсиңерби?
  • 18.             Алланын жакшылыктарын санасаңар – санына жете албайсыңар.  Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Ырайымдуу!
  • 19.             Алла – жашыруун жана көрүнөө эмне иш жасап жатканыңарды билип турат.
  • 20.             Ошондой! Алладан башкага сыйынгандары[9] эч нерсе жарата албайт. Алар – жаратылгандар.
  • 21.             Алар – өлүктөр. Тирүү эмес. Ошондуктан алар качан тирилишерин[10] да билишпейт.
  • 22.             Кудайыңар – Жалгыз Алла. Акыретке ишенбегендердин жүрөктөрү жокко чыгаруучу[11]. Ошондуктан алар текеберлер.
  • 23.             Алла алардын жашыргандарын жана көрүнөө жасагандарын Билүүчү экени анык! Чындыгында, Алла өзүн жогору көтөргөндөрдү жакшы көрбөйт.
  • 24.             Алардан: “Эгеңер эмне түшүрдү?”, – деп суралса: “Мурункулардын жомоктору” – дешет.
  • 25.             Ошентип, алар Кыйамат Күнү өз күнөөлөрүн толук, наадандыктан улам адаштыргандардын күнөөлөрүнүн айрымдарын көтөрүшөт. Байкагыла:  Алар үстүнө алган нерсе (күнөө) кандай жаман!
  • 26.             Чындыгында, булардан мурункулар да айлакерлик кылышкан. ОшондуктанАлла алардын пайдубалын титиретип, жогор жагы алардын  өздөрүнүн үстүнө кулап түштү. Ошентип, аларга алар күтпөгөн тараптан азап  келди[12].
  • 27.             Акырында, Кыйамат Күнү Алла аларды кордойт да: “Силер Мен тууралуу талашкан жердеги шериктерим кайда?” – деп сурайт. Ошондо илим ээлери: “Чындыгында, бүгүн кордук менен жамандык каапырлардын үстүнө!” – дешет.
  • 28.             Өздөрүнө зулумдук кылгандардын жанын периштелер алаарда, алар: “Баш ийишип, эч бир жамандык жасаган эмес элек”, – дешет[13]. Андай эмес. Акыйкатта, Алла силердин кылганыңарды жакшы билет.
  • 29.             Ошондуктан ичинде түбөлүк кала турган Тозоктун эшиктеринен киргиле. Өзүн жогору көтөргөндөрдүн орду кандай жаман!
  • 30.             Алладан корккондорго: “Эгеңер эмне түшүрдү?” – деп айтылса, алар: “Жакшылык!” – дешет.  Ошондуктан бул дүйнөдө жакшылык кылгандарга жакшылык бар. Акырет журту андан жакшыраак. Такыбалардын журту кандай сонун!
  • 31.             Алар алдыларынан өзөндөр агып турган Адн (аттуу Бейиш) багына киришет. Алар ал жерде эмнени каалашса, баары бар. Такыбаларды Алла ошентип сыйлайт.
  • 32.             Такыбалардын жанын периштелер жакшы (жагдайда) алышып: “Силерге тынчтык болсун! Ишиңерге жараша  Бейишке киргиле!” – дешет.
  • 33.             (Каапырлар)  өздөрүнө периштелердин[14] келишин, же Эгеңдин буйруктарынын келишин гана күтүп жатышабы? Булардан мурункулар да ушундай кылышкан болчу. Аларга Алла зулумдук кылган жок. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты.
  • 34.             Ошондуктан кылган жамандыктары өздөрүнө тийип, мазактаган нерселери өз баштарына  жетти.
  • 35.             Аллага шерик кошкондор: “Эгер Алла кааласа, анда биз да, ата-бабаларыбыз да Алладанбашка эч нерсеге  сыйынбайт элек. Анын[15] буйругусуз эч нерсени арамга да чыгарбайт элек”, – дешет. Алардан мурункулар да ушундай кылышкан. Ошондуктан элчилерге[16] даана жеткирүү гана милдет.
  • 36.             Чындыгында, ар бир коомго: “Аллага гана сыйынгыла. Таагуттан[17] оолак болгула”, – деп айтуучу элчи жибергенбиз. Алардын (коомдордун) кай бирлерин Алла түздөп, айрымдарына адашуу буйурулган болчу. Ал эми жер жүзүн кезип көрүп, жалганга чыгаргандардын акыбети эмне болгонун байкагыла.
  • 37.             [18]Эгер алардын  түзөлүүсүнө канчалык дилгир болсоң да, Алла Өзү адаштырган адамды туура жолго багыттабайт жана алар үчүн жардамчы да жок.
  • 38.             Ошондой эле, алар: “Алла өлгөн адамды тирилтпейт”, – дешип,  Алланын аты менен катуу ант ичишти. Андай эмес!  (Өлүктү тирилтүү тууралуу) Алланын убадасы акыйкат. Бирок адамдардын көбү (муну) билишпейт.
  • 39.              Алла  каршылыкка түшкөн нерселерин  аныктоо жана каапырлардын жалганчы экенин аларга билдирүү үчүн (өлүктөрдү тирилтет!).
  • 40.             Бир нерсенин болушун каалаганыбызда Биздин: “Бол!” – деген гана сөзүбүз жетиштүү. Ошондо ал болот да калат.
  • 41.             Зулумдукка учурагандан кийин Алла жолунда көчкөндөрдү[19],  дүйнөдө жайлуу конушка жайгаштырабыз. Эгер алар билишсе, акыреттеги сыйлык андан да чоң.
  • 42.             Алар – сабыр кылышып[20],  (Аллага гана) тобокел кылгандар[21].
  • 43.             [22]Сенден мурун да өздөрүнө кабар түшүрүп, кишилерди[23] гана элчи (пайгамбар) кылып жибергенбиз. Эгер билбесеңер, илимдүүлөрдөн[24] сурагыла.
  • 44.             (Пайгамбарларды) далилдер жана китептер менен (жибердик). Сага да адамдар үчүн түшүрүлгөндөрдү ачык баян кылып беришиң үчүн Куранды түшүрдүк. Балким алар түшүнүшөөр.
  • 45.             Жамандыктын айлакерлери Алланын аларды жерге жуттуруп жиберишинен, же алар ойлобогон тараптан өздөрүнө азап келишинен коопсузбу?
  • 46.             Же болбосо алар жер кезип сапарда бараткан кезде өздөрүн апааттан тышпыз деп эсептешеби? Анда[25] алар качып кутула алышпайт[26].
  • 47.             Же алар өздөрүнө коркутуп келүүчү апааттан  (коопсузбу?). Чындыгында,Эгеңер – Мээримдүү, Боорукер!
  • 48.              Алар Алланын жараткан нерселеринин (дарактардын) көлөкөлөрү оңго, солго ийилип, Аллага сежде кылып ийилип жатышканын көрүшпөйбү?
  • 49.             Асмандар менен жерде болгон ар бир жаныбар жана периштелер тынымсызАллага сежде кылып турушат[27]. Алар текеберденишпейт.
  • 50.             (Алар) Өздөрүнөн үстөм болгон Эгелеринен коркушат. Ошондуктан [28]берилген буйруктарды орундатышат.
  • 51.             Алла: “Эки кудай жасап албагыла. Чындыгында, Ал (Алла) – Жалгыз Кудай! ОшондуктанМенден гана корккула”, – деди.
  • 52.             Асмандарда жана жерде болгон нерселер Анын бийлигинде. Бардык сыйынууларга – Ал гана татыктуу! Алладан башкадан да коркосуңарбы?
  • 53.             Силерге (келген) ар бир жакшылык – Алладан! Силерге зыян жетсе (гана) Аллагажалбарасыңар[29].
  • 54.             Акырында, силерден Ал кыйынчылыкты алып салган кезде  бир бөлүгүңөр, Эгеңерге шерик кошосуңар.[30]
  • 55.             Алар (Биз) берген жакшылыктарыбызга шүгүр кылышпайт. Азырынча (жердеги жыргалдардан) пайдалана тургула. Жакында билесиңер.
  • 56.             (Мушриктер[31]) өздөрүнө (Биз) берген ырыскыларыбыздын эмне экенин билбегендерге[32]шыбага[33] арнашат. Аллага ант! Бул жалгандан ойлоп тапканыңар үчүн сөзсүз суракка[34] тартыласыңар!
  • 57.              Анан да, алар Аллага кыздарды[35] ыйгарышат[36].  Алла андан аруу! Өздөрүнө болсо каалаганын[37] арнашат.
  • 58.             Эгер алардын бирөөсү кыз менен сүйүнчүлөнсө[38] анын ачуусу келип, бети карара баштайт.
  • 59.             Өзүнө келген “жаман” кабардын таасиринен улам элден жашырынат. Аны[39]эмне кордукка салып же топуракка көмүп таштоо керекпи[40]? Алар кандай жаман[41] өкүм чыгарышат!
  • 60.             Жаман сыпат – акыретке ишенбегендер үчүн. Ал эми сыпаттардын эң бийиги –Аллага таандык. Ал – Өкүмдар, Даанышман!
  • 61.              Алла адам баласын алардын кесирлиги себептүү колго ала турган[42] болсо, жер жүзүндө эч бир жан калбас эле. Бирок аларды белгилүү бир мөөнөткө чейин[43] кечиктирет. Ал эми алардын мөөнөтү келгенде, алар[44] аны[45] бир саатка да кечиктире да, илгерилете да алышпайт.
  • 62.             Алар өздөрү жек көргөндөрдү (кыздарды) Аллага ыйгарып, тилдери менен: “Бизге жакшы нерселер буйурулган”, – деп жалган айтышат. Аларга тозок бар экени шексиз. Чындыгында, алар (Тозокко) сүйрөлүп баруучулар.
  • 63.             Аллага ант болсун!  Чындыгында сенден мурун да коомдорго элчилерди (пайгамбарларды) жиберген болчубуз. Ошондо да шайтан өз кылыктарын кооз кылып көрсөттү.  Ошондуктан бүгүн да ал (шайтан) алардын досу. Аларга сыздатуучу азап бар.
  • 64.             Сага Куранды алар талашкан нерселерин аныктоо, ыйман келтирген коом үчүн туура жол жана ырайым түрүндө гана түшүрдүк.
  • 65.             Алла асмандан жамгыр жаадырып, өлгөн жерди аны менен тирилтти. Чындыгында, бүгүн да кулак салган коом үчүн чыныгы үлгүлөр бар.
  • 66.             [46]Чындыгында, силер үчүн малдарда да ибарат бар[47]. Малдардын ичиндеги (курсагындагы) каны менен жининин   арсынан чыккан ичкенге жагымдуу, нагыз сүттү силерге ичтирүүдөбүз.
  • 67.              Курма дарактарынын жемиштеринен, жүзүмдөрдөн  арактарды[48] жана көркөм[49] сусундуктарды жасап аласыңар. Ырас, мында ой жүгүрткөн элге даана үлгүлөр бар.
  • 68.             [50]Эгең  бал аарыга: “Тоолорго, жыгачтарга жана  адамдардын курулуштарына уя сал”, – деп буюруп[51],
  • 69.             “ар түрлүү өсүмдүктөрдөн жеп, Эгеңдин жеңил кылып койгон жолуна түш!” – дедик. (Алла) аарынын ичинен түрлүү-түрлүү  балдарды чыгарды. Анда адам баласы үчүн шыпаа бар. Чындыгында, мында да ой жүгүрткөн коом үчүн ибарат-өрнөктөр бар.
  • 70.             Алла силерди жаратты жана өлтүрөт. Кээ бирөөлөрүңөр[52] билгенинен кийин билбей кала турган[53] өмүрдүн кордугуна кайтарылат.  Албетте, Алла – Билүүчү, Кудуреттүү.
  • 71.              Алла ырыскыда[54] бириңерди бириңерден артыгыраак кылды. Ырыскы-насиби молураактар кол алдындагыларга бербейт[55]. Болбосо алар (ошол) ырыскыда[56] тең (укуктуу).  Алар эмне, Алланын насибине каршы келишеби?
  • 72.             Алла жыныстарыңардан[57] жубай жаратты.  Жубайларыңар аркылуу силерге балдарды, неберелерди пайда кылды. Силерди таза нерселер (ырыскылар) менен азыктандырды. Ошондо да алар (каапырлар) болбогон нерселерге ишенишип, Алланын жакшылыктарына шүгүрсүздүк кылшабы?.
  • 73.             Алар, Алладан башка, өздөрүнө жер менен асмандан бир да ырыскы бере албаган жана колунан эч нерсе келбеген нерселерге (буддарга-сөлөкөттөргө) сыйынышат.
  • 74.              Аллага мисал келтирбегиле”[58]! Чындыгында, Алла – ар нерсени билет, силер болсо билбейсиңер!
  • 75.             Алла (силерге) бир мисал келтирет:  Кимдир бирөөнүн кол астында эч нерсе колунан келбеген кул болсо, ал  өзүнө Биз берген көркөм[59] ырыскыдан көрүнөө да, көмүскө сарптай ала турган кожоюн менен тең боло алабы?  Ошондуктан, баардык мактоолор – Аллага гана таандык! Бирок алардын көбү билишпейт.
  • 76.             Алла эки кишини мисал келтирет:  экөөсүнүн бири дудук,  колунан эч нерсе келбейт. Ал кожойунуна жүк.  Аны кайда гана жумшабасын[60] андан жакшылык келбейт[61]. Эмне ошол (дудук) адилеттүү өмүр кечирип, туура жолдо жүргөн адам менен теңби?
  • 77.              Асмандардагы жана жердеги сырлар Аллага гана таандык. Кыйамат сааты кирпик каккандай (тез келет),  андан да жакын (калды). Албетте, Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү.
  • 78.             Алла силерди энеңердин курсагынан эч несре билбеген абалда чыгарды да, силерге угуу, көрүү жана ойлоо жөндөмдөрүн берди. Балким шүгүр кыларсыңар.
  • 79.             Алар асман мейкиндигиндеги  [62]тартылуу күчүн көрүшпөй жатышабы? Аларды[63] Аллагана кармап турат! Чындыгында, ушунда да ыйман келтирген коом үчүн белгилер бар.
  • 80.             Алла силерге үйлөрүңөрдү турак-жай кылып койду. Силер үчүн малдардын терилеринен – көчкөн кезде, же  отурукташкан учурда жеңил пайдаланыла турган башпаанектер (курулат[64]);  (малдардын :) койдун жүндөрүнөн, төөнүн түктөрүнөн, эчкинин тыбыттарынан  кайсыл бир мөөнөткө чейин пайдаланууга боло турган үй буюмдарын жана соода буйумдарын жаратты.
  • 81.             Алла Өзү жараткандарына (дарактардан) көлөкө жасап, тоолордон баш паанек[65] берди.  Ошентип, силерге ысыктан сактай турган кийимдерди, согушта коргоно турган зоот кийимдерин пайда кылды. Ушундай түрдө, силерге жакшылыктарын толуктады. Балким, (Аллага) мойун сунасыңар.
  • 82.             [66]Ошондо да алар[67] баш[68]  тартышса...[69] Сага – аларга айкын (кабарды) жеткирүү гана милдет.
  • 83.             Алар Алланын жакшылктарын мойунга алышат да, кийин кайра ага каршы чыгышат. Чындыгында, алардын көбү – каапырлар.
  • 84.              Кыйамат Күнү ар бир коомдон бир күбө жиберебиз. (Алланын аяттарына) каршы чыккандарга[70]  уруксат да берилбейт, алардан жакшылык да күтүлбөйт.
  • 85.             Зулумдук кылгандар азапты көргөндө[71], аларга азап жеңилдетилбейт, артка да жылдырылбайт.
  • 86.             Аллага шерик кошкондор, өздөрү кошкон шериктерин көргөн кезде: “О Эгебиз!Сенден башкага сыйынган [72]шериктер ушулар!” – дешет. Алар[73]: “Чындыгында силер баарыңар жалганчысыңар!” – деп сөздү аларга ыргытат.
  • 87.             Алар (каапырлар) ошол Күнү Аллага моюн сунушат! Алардын жасалма кудайлары болсо алардан кайып болот[74].
  • 88.             Ошентип, каапырларга жана Алланын жолунан тоскондорго бузукулук кылгандары үчүн күнөө үстүнө күнөө кошобуз.
  • 89.             Кыйамат Күнү ар бир коомдун ичинен бирден күбө алып келебиз. [75]Сени  болсо ушул коомго күбө кылабыз. Ошондуктан саган ар нерсени  түшүндүрүп бере турган жана мусулмандар үчүн туура жол, мээрим, кубаныч түрүндө Куранды түшүрдүк.
  • 90.             Чындыгында, Алла – адилеттүүлүктү, жакшылыкты жана тууган-урукка кайрымдуу болууну буюруп, уятсыздыктан, каапырлыктан жана чектен ашуудан тыйат. Алла силерге (ушундайча) насыят берет. Балким түшүнөөрсүңөр.
  • 91.             Эгер убада берсеңер, Аллага береген убадаңарды (сөзсүз) аткаргыла. Антташууда Алланыөздөрүнө кепил кылган соң, аны бузбагыла. Алла – эмне кылганыңарды Билүүчү!
  • 92.             Бул жамаат тиги жамааттан[76] артык деген шылтоо менен араңардагы келишимдерди бузуп, жибин мыктылап ийиргенден кийин, жазып жиберген аялга окшобогула. Чындыгында, Алла ушу  менен[77] сынайт. Ошондуктан талаш-тартышууга түшкөн нерселериңерди Кыйамат Күнү силерге аныктап берет[78].
  • 93.             Эгер Алла кааласа, силерди бир гана (бирдиктүү жалгыз) үмөт кылып койор эле. Бирок, Алла кимди кааласа адаштырып, кимди кааласа туура жолго[79] салат. Албетте, кылган ишиңерден сураласыңар[80].
  • 94.             Анттарыңарды[81] (кимдир бирөөнү) алдоо үчүн пайдаланбагыла. Кадамыңар бекем болгондон кийин (жолдон) тайып[82], Алланын жолунан тосконуңар[83]  үчүн анын[84] жамандыгын тартып каласыңар. Андай кылсаңар[85] силерге абдан чоң азап бар.
  • 95.             Алланын келишимин[86]  арзыбас нерсеге сатып жибербегиле. Эгер билсеңер, Алланыналдындагы[87] гана жакшы.
  • "96.             Силердин жаныңардагы  бул дүйнөлүк (нерсе) түгөнөт, ал эми Алланыналдындагы түбөлүк. Албетте, сабырдууулардын сыйлыгын, жасаган иштеринен да жакшыраак (кылып кайра) беребиз.
  • Силердин алдыңардагы нерсе түгөнөт, ал эми Аллахтын алдындагы түбөлүк. Албетте сабырдуулардын сыйлыгын, жасаган иштеринен да жакшыраак (кылып кайра) беребиз"
  • "97.             Эрекекпи, же аялбы ыйман келтирип, изги[88] иштерди жасаса, ага  мыкты жашоо беребиз. Ошентип, аларга  кылган иштеринен жакшыраак сыйлык беребиз.
  • Эркекпи же аялбы ыйман келтирип жакшы амал кылышса мыкты жашоо беребиз (дүйнөдө ызат-сый, адал ырыскы, зикирдин таттуулугу, Аллах Таала менен байланыш насип болот). Ошентип, аларга кылган амалдарына (жараша андан да) жакшыраак сыйлык беребиз"
  • 98.             Куран окуган кезиңде, куулган шайтандан Алла менен сактан[89].
  • 99.             Чындыгында, ыйман келтирип, Эгесине тобокел кылгандарга[90] шайтандын өкүмү өтпөйт.
  • 100.        Чынында, анын өкүмү – аны дос кылып, Аллага шерик кошуучуларга гана өтөт.
  • 101.        Биз бир аяттын ордун башка аят менен алмаштырсак...[91], Алла эмнени[92] түшүргөнүн жакшы билет. Бирок, алар пайгамбарга: “Сен анык жалганчысың”, – дешет. Андай эмес! Алардын[93] көбү түшүнүшпөйт
  • 102.        Жабреил Куранды акыйкат менен[94] ыйман келтиргендерди кубаттандыруу жана мусулмандар үчүн туура жол, ошондой эле кубаныч түрүндө Эгең тараптан түшүрдү.
  • 103.        Чындыгында, (Биз) билебиз, алар: “Куранды Мухаммедге бир адам үйрөтөт”, – дешет. Бирок алар шылтоологон адамдын[95] тили башка. Куран  болсо – даана араб тилинде.
  • 104.        Чындыгында, Алланын аяттарына ишенбегендерди, Алла түзөбөйт. Ошондуктан алар үчүн сыздатуучу азап бар.
  • 105.         Акыйкатта, Алланын айаттарына ишенбегендер  орунсуз жалгандарды ойлоп чыгарышат. Мына ошолор – жалганчылар.
  • 106.         Жүрөгү ыйман уйалагандан[96] кийин зомбулукка учураган адамдан башка бирөө[97] – ыйман келтирип, анан кийин (кайра) Аллага каршы чыкса ошентип, дилин ыймансыздыкка берсе, ага Алланын ачуусу келет жана аларга катуу азап бар.
  • 107.        Бул жагдай – алардын бул дүйнөнү акыретке баалап[98],  (дүйнөнү) жакшы көрүшкөндөрүнөн улам. Чындыгында, каапыр элди Алла оңдобойт[99].
  • 108.        Мына ошолор[100] ошондой: Алла алардын жүрөктөрүн, кулактарын жана көздөрүн бүтөп койгон. Алар[101] такыр капарсыз.
  • 109.        Алар акыретте зыйан тартуучулардан экенинде эч шек жок.
  • 110.         Чындыгында, Эгең – жапа чеккенден кийин көчкөндөрдүн, согушкандардын жана сабыр кылгандардын (жардамчысы!). Мындан кийин[102] Эгең – Кечиримдүү, Боорукер!
  • 111.        Кыйамат Күнү ар ким өзүн куткарууга умтулат. Ошондой эле ар кимге  өзүнүн жасаган амалынын акысы (сый, же жаза) берилет. Аларга адилетсиздик кылынбайт.
  • 112.        Алла силерге бейпилчиликтеги кыштакты мисал келтирет. Ага ар тараптан мол ырыскы (Алланын амири менен) келип турчу. Акырында, Алланын жакшылыгына каапырлык кылышты, ошондуктанАлла аларга жасаган зулумдугу себептүү ачарчылык жана коркунуч тонун кийгизип, жапа тарттырды.
  • 113.        Чынында, аларга өздөрүнөн элчи келип, алар аны жалганчыга  чыгарышкан болчу. Ошондуктан заалымдарды азап колго алды.
  • 114.        Алланын силерге берген ырыскысынын адал жана тазасын жегиле. Эгер Ага гана пендечилик кыла турган болсоңор, анда Алланын жакшылыгына шүгүр кылгыла.
  • 115.        Чындыгында, (Алла) силерге өлүктүн этин, канды,  чочконун этин жана Алладан башканын аты аталып мууздалган (малдын этин) арам кылды. Кимде-ким мажбур болсо[103], баш тартпастан[104], чектен чыкпастан[105], (жесе) анда Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
  • 116.        Тилиңер: “Бул – арам, бул – адал”, – деп жалган сыпаттаганын айтпагыла[106]. Анда Аллага жалаа жапкан болосуңар. Чындыгында, Аллага жалган жалаа жапкандар (азаптан) кутулушпайт.
  • 117.        Дүйнө – аз күндүк жыргал. Алар[107] үчүн сыздаптуучу азап (бар).
  • 118.        [108]Иудейлерге арам кылынган нерселер тууралуу мурун сага баян кылган элек.  Биз аларга адилетсиздик кылган жокпуз. Алар өздөрүнө өздөрү адилетсиздик кылышты.
  • 119.        Чындыгында, Эгең – билбестен жамандык жасап, андан кийин тооба кылып, иштерин түзөлткөндөр тарабында. Акыйкатта, Эгең, мындан кийин да Кечиримдүү, Ырайымдуу!
  • 120.         Чындыгында, Ибрахим – Аллага чыныгы мойун сунуучу (момун) адам жана таза берилген[109]болчу. Ал мушриктерден эмес эле.
  • 121.        Алланын жакшылыктарына шүгүр кылуучулардан болчу. Алла аны тандап, туура жолго салды.
  • 122.        Ага дүйнөдө жакшылык бердик. Ал эми акыретте болсо, ал – мыктылардан.
  • 123.        [110]Сага таза берилген Ибрахимдин жолун карманышың үчүн айан кылдык. Ал мушриктерден эмес.
  • 124.         Чындыгында, ишемби[111]... ал тууралуу талашкандарга (майрам) кылынды. [112]Акыйкатта, ЭгеңКыйамат Күнү алар талашкан күн тууралуу өкүмүн угузат.
  • 125.        Адамдарды Эгеңдин жолуна даанышмандык жана көркөм үгүт аркылуу[113] чакыр. Алар менен көркөм ыкмада талаш. Чындыгында, Эгең Өзүнүн жолунан адашкандарды да, туура жолдогуларды да жакшы билет.
  • 126.         Эгер душмандарды жазаласаңар, өзүңөрдү жазалагандай жаза менен жазалагыла. Эгер сабыр кылсаңар – сабырдуулар үчүн жакшы болот.
  • 127.        Сабыр кыл[114]. Сабырың – Алланын колдоосу менен гана (болот). Аларга кейибе да, алардын жасаган бузукулугуна ичиң кысылбасын!
  • 128.         Чындыгында, Алла – такыбалар жана жакшы иштерди жасоочулар менен бирге!
  • [1] Бал аары
  • [2] Каапырларды жазалоо боюнча
  • [3] Буйруктун келишине
  • [4] Терисинен кийим тиксе, чатыр курса ж.б.у.с.
  • [5] Туура эместери да
  • [6] Токойлуу жашыл талааларды
  • [7] адамдардын
  • [8] Буддар-сөлөкөттөр
  • [9] Буддар-сөлөкөттөр
  • [10] Адамдардын Кыяматта тирилүүсү жана Буддар-сөлөкөттөрдүн такыр билбөөсү тууралуу сөз болууда
  • [11] Аллага ыйман келтирүүнү
  • [12] Бул аяттар Вавилондун кыйрашы тууралуу
  • [13] деп актанышат
  • [14] Жан алгыч периштелердин
  • [15] Алланын
  • [16] Пайгамбарларга Алланын аяттарын
  • [17] Алладан башка сыйынуучу нерселер. М: шайтан, Буддар-сөлөкөттөр, айкелдер ж.б.у.с.
  • [18] Эй, Мухаммед! (а.с.)
  • [19] Алланын динин сактап калуу үчүн
  • [20] Алла ыразылыгына жетиш үчүн баардык азаптарга
  • [21] таянгандар
  • [22] Эй, Мухаммед!
  • [23] Периштелерди эмес
  • [24] Тоорат менен Инжилди мыкты билген аалымдардан
  • [25] Сапардагы кырсыктан
  • [26] Маселен: учак, же башка унаа менен бараткан кезде, жолдо
  • [27] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
  • [28] Алла тарабынан
  • [29] Ал эми Алла силерге жыргал күндөрдү насип кылып койсо Жаратуучуңарды эстеп да койбойсуңар
  • [30] Бул жакшылыкты жасалма кудайыңар жибергендей кабылдап, же өз акылыңар менен жасап алгандай, өз акылыңарга, талантыңарга, же башка жөндөмүңөргө сыйына баштайсыңар, же жардам берген туугандарыңарды Алладан жогору коюп, мушриктик кыласыңар да, Аллага шүгүр келтирүүнү унутасыңар. Билип койгула:Алланын буйругусуз силеге эч ким жардам бербейт!
  • [31] Аллага шерик кошуучулар
  • [32] Буддар-сөлөкөттөрга
  • [33] насип
  • [34] Кыяматта
  • [35] Периштелер Алланын кыздары деп…
  • [36] Периштелерди Алланын кыздары дешет
  • [37] Жалаң уул балдарды.
  • [38] Аялы кыз төрөгөнү тууралуу кабар келсе
  • [39] Төрөлгөн кызды
  • [40] Ислам келгенге чейинки наадан доордо мушрик арабдардын айрымдарынын жаңы төрөлгөн кыздарын тирүүлөй жерге көмүп салгандары  да болгон
  • [41] Өздөрү жана кыздары тууралуу
  • [42] Күнөөсүнө жараша катуу жазалап, жандарын ала турган болсо
  • [43] Лавхул Махвузда белгиленип койулган, ажалы жеткен күнгө, саатка чейин
  • [44] Ажалы жеткендер
  • [45] ажалды
  • [46] Эй, Мухаммед! (а.с.)
  • [47] Ибарат – сабак, үлгү, өрнөк
  • [48] Бул аят аракка тыюу салынгандан мурда түшкөн
  • [49] Жакшы, жагымдуу, таттуу...
  • [50] Эй, Мухаммед! (а.с.)
  • [51] Жана ошого жараша жөндөм берди
  • [52] Алла тарабынан
  • [53] Өтө картайуудан улам эсте тутуусу начарлап, мурда мыкты билгендерин да эстей албай калган куракка чейин жеткирет
  • [54] Силердин топук, сабырыңарды ырыскынын молдугу (байлык) жана жетишсиздиги (кедейлик) жагынан сыноо үчүн
  • [55] Анткени алар абдан зыкым, сараң
  • [56] Байларга берилген ырыскыда кедейлердин үлүшү сөзсүз бар
  • [57] Адамдардан (периштелерден эмес!)
  • [58] эч кимди окоштурбагыла, салыштырбагыла, теңебегиле!
  • [59] Адал, жакшы...
  • [60] кожойуну
  • [61]  Анткени ал убара болгону эле болбосо бирөгө бир нерсе түшүндүрүп, маселе чече албайт.
  • [62] Асман телолоорунун жана галактикадагы жылдыздардын бири бирине чексиз тартылышууларын, асман жылдыздарынын системалары миллиарддаган жылдардан бери бузулбай, бир калыпта, бирдей ылдамдыкта айланып турушканын
  • [63] Жылдыздар системасын, галлактикаларды
  • [64] Маселен кийизден...
  • [65] Убактылуу пааналоо үчүн үңкүрлөрдү жаратып койду
  • [66] Эй, элчим! (пайгамбарым)
  • [67] Мушриктер, каапырлар, мунафыктар...
  • [68] Сенин Исламга чакырыктарыңды кабыл албай, моюн толгоп, текеберленип...
  • [69] Аларды азап гана күтөт
  • [70] Каапырларга жалган айтып актанууга
  • [71] Тообо кылышып, Кыяматтын чындыгына ишенишип, чыркырап ыйлап Алладан кечирим сурашканы менен
  • [72] Сага биз билбей кошуп алып, ушул күнгө чейин сыйынып келген
  • [73] Ширктер (шериктер)
  • [74] Көздөн кайым болуп жок болот
  • [75] Эй, Мухаммед! (а.с.)
  • [76] Эл .(мисалы, иудейлер бардык улуттардан артык дегендей…)
  • [77] Убада, ант, келишим,  сөз берүү, касам ичүүңөр аркылуу да…
  • [78] Антты оболу ким бузганын ортого койот, Күнөөлүү жазаланат…
  • [79] Ислам динине кирүүгө шарт түзүп койот
  • [80] Кыйаматта, Алланын алдында  ар бир ишиңер үчүн сурак бересиңер
  • [81] Келишимдериңерди, убадаңарды…
  • [82] Ислам дининин жолуна түшүп, жүрөгүңөргө бейпилдик орноп, күрөштөрдө кадамыңар бекем болгондон кийин кайра (билбестиктен, же башка себептен улам) динден чыгып кетпегиле…
  • [83] Өзүңөрдүн  жама аракетиңер менен башкаларга начар өрнөк көрсөтүп, ошол кылыгыңар үчүн башкалардын Ислам динине кирбей калышына себепчи болуп, терс таасириңер менен анын да адашуусуна алып келип, туура жолдон оолактатып…
  • [84] Аракетиңердин азабын
  • [85] Жогоруда аталгандай жаман иштерге себеп болсоңор
  • [86] «Силер такыба болсоңор бейишке киргизем», - деген Алланын мусулмандарга берген  убадасын
  • [87] Бейиштен жакшы нерсе жок
  • [88] жакшы
  • [89] Куран окуу алдында: «Ауузу биллахи минаш-шайтаанир-ражиим», - деп баштоо
  • [90] таянгандарга
  • [91] Анын сыры бир гана Аллага белгилүү. Бирок
  • [92] Кандай маанидеги аятты
  • [93] Каапырлардын, мунафыктардын, мушриктердин…
  • [94] Өзү бир да сөз кошумчалабастан
  • [95] «Куранды  үйрөтүп жатат» делген адамдын тили
  • [96] Дили бейпилдикке жеткенден кийин
  • [97] Ыймандуу адамды аргасыз абалда ыйман келтиргенинен баш тартууга аргасыз кылса, бирок ал дилинде ыймандуу боюнча калып, тили менен ыймандан кайтканы тууралуу калп айтып, ошондой ыкма менен оор абалдан чыкса, ага кечиримдүү...
  • [98] Убактылуу бул дүйнө бактысын түбөлүктүү акырет бактысынан артык көрүп
  • [99] Оң жолго, түз жолго салбайт, ишин оңдобойт, анын иши тескери боюнча кете берет
  • [100] каапырлар
  • [101] Бейиш, Тозок тууралуу маалыматтардан
  • [102] Көчкөндөн, согушкандан жана сабыр кылгандан...
  • [103] Ачкалыктан, же башка себептен  улам аргасыз абалда калса
  • [104] Шариат эрежелеринен
  • [105] Алла буйруган чектерден
  • [106] Жалган айткан нерсе, эгер ал чын дилден айтылбаса, андан арам болуп калбайт.
  • [107] Каапырлар, мушриктер, мунафыктар…
  • [108] Эй, Мухаммед! (а.с.)
  • [109] Ханиф – Аллага бүткүл дити менен берилип, Аллага өзүн арнаган
  • [110] Эй, Мухаммед! (а.с.)
  • [111] Ишембинин  мааниси тууралуу
  • [112] Эй, Мухаммед! (а.с.)
  • [113] Сөзгө чеберлик, сөзгө чечендик менен
  • [114] Эй, Мухаммед! (а.с.)