Нгбанди (убанги эли)

Википедия дан
Нгбанди

Чач жасалгасы бар эркектер
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 560 миң адам
 БАР — 300 миң
 Конго Демократиялык Республикасы — 250 миң
 Конго Республикасы — 10 миң

Тили

нгбанди

Дини

католицизм,
жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Нгбанди (гбанди, могванди) — Борбордук Африкадагы эл. Алар Борбордук Африка Республикасынын түштүк бөлүгүндөгү Убанги дарыясынын жээгиндеги райондордо жана Конго Демократиялык Республикасынын түндүк бөлүгүндө компакттуу жашашат. Аз сандуу топтор Конго Республикасында бар.
Жалпы саны — 560 миң адам, анын ичинде Борбордук Африка Республикасында — 300 миң, Конго Демократиялык Республикасында — 250 миң, Конго Республикасында — 10 миң[1].

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нгбанди тилдеринде сүйлөшөт. Нгбанди тилдери убанги уясынын курамына кирет.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк католиктер. Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат.

Чарбалык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги салттуу кесиби — кол менен иштетилген жер чарба (маниок, элевсина, сорго, жер жаңгак, жүгөрү). Мал жана үй канаттууларды кармашат. Аңчылык менен жыйноочулук да маанилүү.

Кол өнөрчүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыгачтан оюу (идиш-аяк, эмерек, музыкалык аспаптар, ритуалдык фигуралар жана маскалар) өнүккөн.

Келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нгбанди уруулары азыркы мекенине 18 кылымда азыркы Түштүк Судандан көчүп келишкен. Жаңы жерде алар убанги этникалык топтор (айрыкча занде) менен аралашып, натыйжада, убанги тилдерине өтүшкөн. Нгбанди элинин маданияты Судандын элдеринин маданияты менен окшош өзгөчөлүктөргө ээ.

Кошумча факт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нгбанди элинин көрүнүктүү өкүлү Заирдин (азыркы Конго Демократиялык Республикасы) диктатор-президенти Мобуту Сесе Секо болгон.

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Андрианов Б. В. Нгбанди // Народы и религии мира: Энциклопедия / Башкы редактор В. А. Тишков; Редкол.: О. Ю. Артёмова, С. А. Арутюнов, А. Н. Кожановский, В. М. Макаревич , В. А. Попов, П. И. Пучков, Г. Ю. Ситнянский. — М.: Большая Российская энциклопедия, 1999. — С. 369. — ISBN 5-85270-155-6

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]