Неандерталь адамдары

Wikipedia дан
Неандерталь адам.
Неандерталь адам.

Неандерталь адамдары, палеоантроптор (лат. Homo neanderthalensis) – байыркы адамдар. Алар Европа, Азия жана Африкада мындан 200–35 миң жыл мурда (алгачкы палеолиттин аягы жана ортоңку палеолит) жашаган. 1856-жылы Дюссельдорфко (Германия) жакын Неандерталь аймагында табылган адам сөөгү илимий сыпаттама алган соң, неандерталь адамдары деп аталып калган. Неандерталь адамдары архантроптор мененказмадан табылган азыркы типтеги адамдар аралыгында жашаган. Батыш Европанын неандерталь адамдары орто бойлуу, мээси көлөмдүү, кабак сөөгү жакшы жетилген, маңдайы тайкы болсо, Алдынкы Азиянын неандерталь адамдары аларга салыштырганда өнүккөн белгилерге ээ жана казмадан табылган азыркы типтеги адамдарга көбүрөөк окшош.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]