Негизги фондду пайдалануу
Көрүнүш
Негизги фондду пайдалануу эки жол менен жүргүзүлөт. Биринчиден машина мененжабдуулардын жыл же сезон ичинде иштеген күнүн жанасменасынын санын арбытууну туюнтуучу экстенсивдүү пайдалануу; экинчиден, смена ичинде жумуш убактысын көбөйтүп, негизги фондулардын кубаттуулугун толугу мененмаксималдуу аракетке келтирүүнү туюнтуучу интенсивдүү пайдалануу. Негизги фондду пайдалануудагы бул жолдордун толук аракетке келтирилиши кошумча капиталдык салым чыгымдабай эле өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7