Мазмунга өтүү

Нежати Шашмаз

Википедия — ачык энциклопедия
Нежати Шашмаз
Necati Şaşmaz
Туулган датасы

1971-жыл 15-декабрь

Туулган жери

Элязыг

Өлкө

Түркия

Кесиптери

Актер, Продюсер, Режиссер, Сценарист

Жанрлары

Драма, криминал

Каймана аты

Полат Алемдар

Автографы

[[Файл:|150px]]

Мухаммед Нежати Шашмаз (түрк. Muhammed Necati Şaşmaz) 1971-жылы 15-декабрда туулган — түркиялык актёр, белгилүү „Kurtlar Vadisi“ ("Карышкырлар өрөөнү") телесериалында Полат Алемдардын ролун ойноп, „Kurtlar Vadisi Irak“ тасмасы менен да белгилүү[1].

Нежати Шашмаз Түркиянын Элязигындагы Харпут шаарында төрөлгөн. Түркияда жана Канадада туризм жана мейманкана башкаруу боюнча билим алган. Ал алты жыл АКШда жашап, Түркиядагы ата-энесине барган.

Истамбулда Нежати Шашмаз атактуу түрк режиссёру Осман Синав менен жолугуп, ага «Карышкырлар өрөөнү» киносуна башкы каарман сунушталган. Ал сериалда жана кинодо ойдон чыгарылган фантастик каарман Полат Алемдардын ролун аткарган.

Ал 2012-жылы Нагехан Кашыкчы менен турмуш куруп, бирок 2019-жылы ажырашууга арыз берген. Алардын ажырашуусу 2021-жылы аяктаган.

Фильмография

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кино
Жыл Аталышы Каарман
2006 Карышкырлар өрөөнү: Ирак Полат Алемдар Башкы рол
2011 Карышкырлар өрөөнү: Палестина Полат Алемдар Башкы рол
теле-көрсөтүү
Жыл Аталышы Каарман
2003-2005 Карышкырлар өрөөнү. Полат Алемдар Башкы каарман
2005 Нан табагы Полат Алемдар
2007 Карышкырлар өрөөнү: Террор Полат Алемдар Башкы каарман
2007 Карышкырлар өрөөнү: Капкан Полат Алемдар Башкы каарман, Продюсер
2010 Халил Ибрахим Софраси Necati Shasmaz
2012 Карышкыр мыйзамы Анвар Паша
2015 Кара куту Абдулазиз Хадиев
  • Абдулкадир Шашмаз — атасы.
  • Сахил Шашмаз — энеси.
  • Нагехан Шашмаз (ажырашып кеткен) — жубайы.
  • Али Надир Шашмаз — уулу
  • Зубайр Шашмаз — иниси
  • Ражи Шашмаз — иниси
  1. Necati Şaşmaz  (түрк.)