Нельсон Мандела
Нельсон Мандела ![]() | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Нельсон Ролилахла Мандела |
Туулган жылы: | 18.7.1918 |
Туулган жери: | Түштүк Африка союзу, Умтата |
Өлкө: | ![]() |
Партиясы: | “Африка улуттук конгресси” |
Ишмердүүлүгү: | ТАРдын президенти |
Атасы: | Гадла Генри Мандела |
Энеси: | Нонгапи Носекени |
Аялдары: | 1.Эвелин 2. Винни 3. Граса |
Балдары: | 2 уулу, 4 кызы бар |
кол тамгасы: | Nelson Mandela Signature.svg |
Нельсон Ролилахла Мандела 1918-жылы 18-июлда Умтатага жакын жерде жарык дүйнөгө келген. Түштүк Африка Республикасынын сегизинчи жана тунгуч кара терилүү президенти. Анын президенттик ишмердүүлүгү 1994-жылдын 10-майынан 1999-жылдын 14-июнуна чейинки аралыка туура келет. Апартеид кезинде адам укуктары үчүн күрөшкөндөрдүн эң белгилүүсү. Саясий туткун катары 27 жыл 6 ай 6 күн абакта отуруп чыккан. 1993-жылы Нобель сыйлыгын алган. Нельсон Мандела ТАРда Мадиба деген ат менен да белгилүү.
Өмүр жолунун башталышы жана жаштыгы[оңдоо | булагын оңдоо]
Нельсон Мандела 1918 жылдын18 июлунда Умтатадан анча алыс эмес Мфезо айылында төрөлгөн. Анын үй-бүлөсүнүн теги Тембу династиясынын жетектегендердин урпактары болуп саналат. Анын бабаларынын бири (1832-жылы өлгөн) тембунун башкаруучусу болгон. Анын Мандела аттуу баласы Нельсондун чоң атасы болгон (фамилиясы ошондон келип чыккан).

Нельсондун атасы, Гадла Генри Мандела Мфезо айылынын башкаруучусу болгон. Анын атасынын 4 аялы болуп, алардан 13 баласы (4 уул, 9 кыз) болгон.[2]. Мандела анын Нонгапи Носекени аттуу үчүнчү аялынан төрөлгөн [3][4] жана апасын Холилала деп аташкан. Холилала Мандела үй-бүлөдөн мектепке баргандардын алгачкысы болгон.
Мандела 9 жашында атасы кургак учуктан көз жумган. Жашынан эле анча алыс эмес жерде жайгашкан бащталгыч мектептен билим алган. 16 жашында ал тембунун салты боюнча өткөрүлүүчү демилгелөө иш чарасына катышкан. Анын натыйжасында Кларкбери институт-интернатынан билим алып, 2 жылдын аралыгында башталгыч орто билим тууралуу сертификатка ээ болгон(англ. Junior Certificate)[5]. Он тогуз жашында бокска жана чуркоого кызыга баштаган[3].
Чыгармалар[оңдоо | булагын оңдоо]
Манделланын сөздөрү жана китептер:
- Я готов к смерти (речь произнесённая на заседании суда 20 апреля 1964 года)
- Долгая дорога к свободе (автобиография),
- The Struggle Is My Life,
- Nelson Mandela Speaks: Forging a Democratic, Nonracial South Africa,
- Разговоры с самим собой (сборник архивных данных, записей, писем из заключения).
Книги о Нельсоне Манделе:
Эскертүүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ Mandela 1996, pp. 16, 17
- ↑ Cite error: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedGreatSouls
- ↑ 3.0 3.1 Mandela, Nelson (2006). Mandela: The Authorized Portrait. Kansas City, Mo.: Andrews McMeel Pub. p. 13. ISBN 0-7407-5572-2. Retrieved 26 May 2008.
- ↑ Nelson Mandela - Biography
- ↑ Mandela celebrates 90th birthday, BBC (17 July 2008). Проверено 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2011.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кто есть кто в мировой политике / Редкол.: Л. П. Кравченко (отв. ред.) и др. — М.: Политиздат, 1990. ISBN 5-250-00513-6
Ссылки[оңдоо | булагын оңдоо]
- Нельсон Мандела. Расмий сайт
- Биография в Словопедии
- Биография на сайте peoples.ru
- Биография на сайте bigpi.biysk.ru
- Биография на сайте istorik.ru
- Нельсон Мандела: слово и дело
- Правила жизни Нельсона Манделы
- Речь Нельсона Манделы «Я готов к смерти». TheSkepsis.com
- Смерть Манделы: какой станет ЮАР. Передача радиостанции «Эхо Москвы»
- «Нельсон Мандела». Е. Евтушенко