Немис идеологиясы

Википедия дан

Немис идеологиясыКарл Маркс менен Фридрих Энгельстин тарыхты матер, түшүнүүнүн бирдиктүү концепциясын. б. а. тарыхый материализмди биринчи жолу иштеп чыккан чыгармасы.

  • «Немец идеологиясынын» идеясы 1845-жылы жазында Энгельс Брюсселге келгенде пайда болгон. Маркс менен Эн­гельс жаңы көз караштар системасын биргелешип иштеп чыгууну чечишкен.
  • «Фейер­бах жөнүндө тезистерди» жазуунун максаты ушуга байланыштуу чыккан.
  • «Немис идеологиясы» 1845—1846-жылдарда жазылган, бирок бүтпөй калган.
  • «Немис идеологиясында» коом турмушунда материалдык өндүрүштүн чечүүчү ролу жөнүндө тарыхый материализмдин маанилүү жобосу ар тараптан өнүктүрүлгон.
  • Маркс, Энгельс бул эмгекте биринчи жолу өндүргүч күчтөр менен өндүрүш мамилелеринин өз ара аракеттенүү жана өнүгүү диалектикасын ачышкан.
  • Бул маанилүү ачылыш адам коомунун жадны түзүлүшүн жана анын тарыхый өнүгүшүнүн жалпы закон ченемин түшүнүүгө жанa пролетардык, коммунисттик революция бурж. коомдогу өндүргүч күчтөр менен өндүрүш мамилелеринин ортосундагы карама-каршылыктардын натыйжасы экенин ил. далилдөөгө мүмкүндүк берген. Ошондой эле ал тарыхты матер, түшүнүүнун бирдиктүү концепциясын жанa ил. коммунизмдин филос. негизин иштеп чыгууну шарттаган.
  • «Немис идеологиясында» тан жанa тан күрөшүнүн марксчыл теориясынын негизи, жалпы эле мамлекеттин жанa бурж. мамлекеттпн маңызы ачылын, тарыхый материа- лизмдеги коомдук бытие менен коомдук аң-сезимдин карым-катнашы жөнүндө негизги жобо иштелип чыккан.
  • Эмгек­те коомду коммунисттик кайра куруунун эки материалдык өбелгөсү: өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү жанa революциялык тап — пролетариаттын калыптанышы биринчи ачылган. Та­рыхты диалек.-матер. түшүнүүгө тааньш, «Немец идеологиясынын» авторлору болочок коммунисттик коомдун жалпы белгилерин сыпаттап чыккан.
  • «Немис идеологиясынын» кол жазмасын Маркс менен Энгельс чыгарууга үлгүрбөй кал­ган. Биринчи жолу ал СССРде 1932-ж. толук жарыяланган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.