Немис овчаркасы

Википедия дан

Немис овчаркасы — 1899-жылы Германияда пайда болгон кызматтык иттердин породасы.[1] Немис овчаркалары алгач чабан иттери катары колдонулган. Учурда немис овчаркалары майыптарга жардам берип, издөө-куткаруу иштерине катышып, полицияда жана армияда кызмат өтөп, тасмаларга тартылышат.[2]

Күзөтчү катары көбүнчө үрө турган породалардын тизмесинде порода экинчи орунда турат.[3]

Породанын стандарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Немис овчаркалары - орто жана чоң иттер. Породанын стандарттык бою болуп, эркектер үчүн 60-65 см (24-26 дюйм) жана ургаачылары үчүн 55-60 см (22-24 дюйм) саналат. Немис овчаркаларынын дененин узундугу менен боюнун катышы 10: 8 1 ⁄ 2 түзөт. Көбүнчө, немис овчаркалары күрөң-кара же кызыл-кара болушат. Жүнү орто узундукта, жүнүнүн асты жыш.[4]

Немис овчаркасынын орточо өмүрү 10,95 жыл.[5]

Ден соолугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абийирсиз асылдандыргандыгы үчүн, бул тукумда жамбаштын дисплазиясы (19,1%) жана дегенеративдик миелопатия (36%) сыяктуу тубаса оорулардын деңгээли кыйла жогору.[6][7] Миелопатияны ветеринардык клиникада шилекейдин ДНК тести аркылуу аныктоого болот. Ошондой эле, немец овчаркаларында кан уюушунун бузулушу, уйку безинин көйгөйлөрү жана буттарынын жаздыкчалары жарылып кетиши мүмкүн.[8][9]

Немис овчаркасынын ден соолугун чыңдоо үчүн иттин рационундагы кальцийдин, А жана Д витамининин, Омега-3 жана глюкозаминдин деңгээлин көзөмөлдөө маанилүү.[10]

Темпераменти[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стандартта немец овчаркасы "мүнөзү тең салмактуу, нервдери күчтүү, өзүнө ишенген, толугу менен табигый, толугу менен ак көңүл, бирок этият жана башкарыла турган болушу керек" деп айтылат.[11]

Немис овчаркасы балдар менен жакшы тил табышат. Бирок, жаракаттарды жана кырсыктарды болтурбоо үчүн немис овчаркасын балдар менен жалгыз калтыруу салтка айланган эмес.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. German Shepherd Dog History: Origins of the Working Breed. akc.org. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.
  2. German shepherd dogs in the military: a brief historical overview. mwdtsa.org. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.
  3. The intelligence of dogs. archive.org. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.
  4. German Shepherd Dog. akc.org. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.
  5. German Shepherd Lifespan – How Long Do German Shepherd Dogs Live?. thehappypuppysite.com. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.
  6. Identification and Validation of Quantitative Trait Loci (QTL) for Canine Hip Dysplasia (CHD) in German Shepherd Dogs. ncbi.nlm.nih.gov. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.
  7. Effect of Glucosamine Sulfate on Osteoarthritis in the Cruciate-Deficient Canine Model of Osteoarthritis. ncbi.nlm.nih.gov. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.
  8. 10 Best Dog Paw Balms of 2021: Reviewed by Experts. boneandyarn.com. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.
  9. Von Willebrand's Disease in Dogs. petcoach.co. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.
  10. A prospective, randomized, double blind, placebo-controlled evaluation of the effects of eicosapentaenoic acid and docosahexaenoic acid on the clinical signs and erythrocyte membrane polyunsaturated fatty acid concentrations in dogs with osteoarthritis. doi.org. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.
  11. German Shepherd Dog. wusv.org. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2021.