Мазмунга өтүү

Немцев Иван Спиридонович

Википедия — ачык энциклопедия

Немцев Иван Спиридонович (24. 5. 1923, азыркы Чүй Облусттук, Кемин району, Кемин шаары – 13. 12. 1997, Бишкек) – Советтик Союздун Баатыры (1943). Запастагы подполковник (1968-жылдан). Ригадагы аскер-саясий окуу жайын (1945), Атуу курсун (1961) бүткөн. 1942-жылдан Советтик армияда, Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) 548-пулемётчулар взводунун (Талаа фронту, 53-армия, 116-аткычтар дивизиясы) командири. 1943-жылы жайында Белгороддун жанындагы салгылашка катышкан. 1943-жылы 3–4-августта Нелхаев кышаарынын аймагында душман коргонуусун бузууда Н. душмандын ок атуучу жети точкасын жанабир взводго жакын жөө аскерин, «Аты жок» бийиктик үчүн салгылашта душмандын 25 солдатын жок кылып, жетөөнү туткунга алган жана өзү башынан жанаколунан жараланган. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган. Кемин шаарынын бир көчөсүнө ысмы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]