Неоколониализм

Википедия дан

Неоколониализм (нео... жана лат. colōnia – кыштак) – Азия, Африка, Латын Америкасындагы мурдагы колониялык абалдан бошонуп, өз алдынчалыкка жанакөз карандысыздыкка жетишкен, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге карата мурунку метрополия саясатынын системасы; өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдөн эски колониялык системасынын ордуна келген, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн үстүнөн кыйыр көзөмөлдөө формасы. Неоколониализм экономикалык, саясий, социалдык жана маданий өз ара аракеттердин тең укуктуу жана адилет эмес формалардын өнүгүшү менен өзгөчөлөнөт. Неоколониализмдин негизин – көпчүлүк учурда саясий жана согуштук басым көрсөтүүнү пайдалануу жанаички реакциячыл күчтөргө таяныч жасоо менен коштолгон, инвестиция, кредиттер жана супсидиялар түрүндөгү экономикалык экспанция түзөт. Кредит алып, карыз болгон өлкөлөрдүн жылдык проценттердин төлөөсү эле кредит берген өнүккөн өлкөлөрдүн пайда табуу булактарынын негизгилеринин бирине айланууда. Кредит берген өнүккөн өлкөлөр карызкор мамлекеттерде ички туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн камсыз болушун карыздардын жылдык проценттерин төлөөнүн гарантиясы катары эсептешет. СССР жоюлгандан кийин өз алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишкен, бирок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирген мурунку союздук республикалар да ар кандай деңгээлде неоколониализм саясатына дуушар болууда. Неоколониализмдин өнүгүүсүнүн бул жаңы баскычы атайын, терең жана ар тараптан изилденүүгө тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]