Неотропиктик флористикалык царство

Википедия дан
Неотропиктик флористикалык дүйнө.

Неотропиктик флористикалык дүйнө (Neotropis) - Түштүк Американын көпчүлүк бөлүгүн, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Американын жана ага жанаша жаткан тропик аралдарды камтыйт. Флорасы абдан бай жана ар түрдүү, айрыкча мезофилдик токой өсүмдүктөрү басымдуулук кылып, палеотропиктик флористикалык царствонун флорасы менен тектеш. Ошондуктан Неотропиктик флористикалык царствого бири-бирине жалпы мүнөздүү сүттикендер көптөгөн тукумдарга (лаврлар, чалкандар, бомбакстар, сүттикен, сапиндер ж б) жана 450гө жакын жалпы урууларга ээ. Неотропиктик флористикалыкдүйнө Африка менен болгон миграциялык байланышы үчүнчүлүк мезгилдин башталышына чейин созулушу мүмкүн. Анткени, ага далил катары бормелийлер тукумунун бардык түрлөрү тропик Америкада бир түрү Африкада өсөт. Ошондуктан миграция палеотропик райондордон неотропик райондорго эле жүрбөстөн, тескерисинче жүргөндүгү жөнүндө да жыйынтык чыгарууга болот. Неотропиктик флористикалык дүйнө 5 областка бөлүнүп, аларга Кариб, Амазонка, Бразилия, Гвиана бөксө тоолору жана Анд тоолору кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4