Непафенак
Непафена́к (лат. Nepafenacum) – фенилуксус кислотасы тобундагы стероиддик эмес сезгенүүгө каршы каражаты (ССКК). Кыргызстанда Непанак® соода маркасы менен катталган жана сатылат (өндүрүүчүсү - Remington Pharmaceutical Industries (Pvt.) Ltd. (Пакистан)). Рецепт боюнча көз тамчылары катары сатылат.

Ал 1967-жылы британиялык окумуштуулардын тобу тарабынан Allen & Hanburys Ltd (азыркы учурда GlaxoSmithKline компаниясынын бир бөлүгү) изилдөө лабораториясында синтезделген.
Фармадарылык тобу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]ATX коду: S01BC10. Сезүү органдары. Офтальмологиялык препараттар. Сезгенүүгө каршы препараттар. Стероиддик эмес сезгенүүгө каршы препараттар. Непафенак.
Медициналык колдонуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Катарактаны алуу боюнча хирургиялык операция менен байланыштуу болгон операциядан кийинки ооруну жана сезгенүүнү дарылоо жана ага алдын ала чара көрүү. Непафенак стероиддик эмес дары каражатка чейинки зат, сезгенүүгө каршы жана ооруксуздандыруучу касиеттерге ээ. Көздөргө тамчылатуудан кийин непафенак көз челине барып, көздөрдүн ткандарында гидролиз жолу аркылуу стероиддик эмес сезгенүүгө каршы дары каражаты болгон амфенакка кубулат. Амфенак простагландинди иштеп чыгарууга керектүү болгон простагландин-Н-синтаза (циклооксигеназа) ферментинин таасирин ингибирлейт.
Чыгаруу формасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дозалоочу тамчылаткыч жана полипропиленден турган ак капкакча менен жабылган, төмөнкү тыгыздыктагы полиэтиленден турган флаконго 5 мл препарат салынат.
Колдонуу жолу жана дозасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Офтальмологиялык колдонууга. Препаратты колдонуунун алдында флаконду силкүү керек. Катарактаны алуу операциясына 1 күн калганда күнүнө 3 жолу жабыркаган көздүн (көздөрдүн) конъюнктива баштыкчасына 1 тамчы препарат колдонулат, операция жасала турган күнү жана операциядан кийинки алгачкы 2 жумада ушундай эле тартипте улантылат. Дарылоо дарыгердин көрсөтмөсү боюнча операциядан кийинки мезгилде 3 жумага чейин узартылышы мүмкүн. Операцияга 30-120 минута калганда кошумча тамчыны тамчылатуу керек.
Фармакокинетика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көздөргө тамчылатуудан кийин Cmax тын плазмадагы орточо статистикалык концентрациялары 0.310 ± 0.104 нг/мл непафенакты жана 0.422±0.121 нг/мл амфенакты түзүшөт. Непафенак көздүн ичиндеги гидролаздын таасири алдында амфенактын түзүлүүсү менен салыштырмалуу тез биоактивацияга кабылат. Андан кийин амфенак ароматтык шакекченин - гидроксилденүүсү аркылуу полярдуураак метаболиттердин түзүлүүсү менен ыкчам метаболизмге чалдыгат, бул болсо глюкурониддик конъюгаттардын түзүлүүсүнө алып келет. β-глюкуронидазанын катышуусу менен болгон гидролизге чейин жана андан кийин жүргүзүлгөн радиохроматографиялык анализде көрсөтүлгөндөй, амфенакты эсепке албаганда, бардык метаболиттер глюкурониддик конъюгаттар түрүндө болушат. Cmax учурунда концентрациясы болжол менен 13% түзгөн амфенак жана Cmax учурунда концентрациясы болжол менен 9% түзгөн 5-гидрокси непафенак плазмадагы негизги метаболиттери болуп саналат.
Көрсөтмөлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- катарактаны экстракциялоодон кийинки мезгилде ооруну жана сезгенүүнү алдын алуу жана дарылоо;
- катаракта экстракциядан кийинки мезгилде кант диабети менен ооруган бейтаптарда макулярдык шишиктин пайда болуу коркунучун азайтуу.
Каршы көрсөтмөлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- препараттын курам бөлүктөрүнүн бирине же башка ССКК жогорку сезгичтик;
- ацетилсалицил кислотасын же башка ССКК кабыл алууда козголгон астманын курч кармоосу, бөрү жатыш же курч ринит;
- 8 жашка чейинки балалык курак.
Кыйыр таасири
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жагымсыз таасирлер дарылоону колдонуу менен байланыштуу болгон жана төмөнкү классификацияга ылайык бөлүштүрүлгөн: абдан жыш (1/10), жыш (1/100 дөн <1/10 чейин), жыш эмес (1/1,000 дөн <1/100 чейин), сейрек (1/10,000 ден <1/1,000 чейин), же абдан сейрек (<1/10,000), Ар бир топто жагымсыз реакциялар жыштыгы боюнча олуттуулугунун төмөндөөсүнө ылайык көрсөтүлгөн.
Нерв системасы тарабынан бузулуулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыш: баш оору
Көрүү органы тарабынан бузулуулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыш: чекиттүү кератит, көздөрдөгү оору, бүдөмүк көрүү, көздөрдүн кычышуусу, көздөрдүн кургак болуусу, көздө башка нерсе жүргендей сезилүү, кабактын четинде челдин түзүлүүсү. Сейрек: ирит, кератит, көз челинде катмарлануу, хороидалдык эффузия, көздөрдөн бөлүнүп чыгуулар, жарыктан коркуу, көздөрдүн дүүлүгүүсү, аллергиялык конъюнктивит, көздөрдө жагымсыздык, кабактарда оорчулуктар, көл жаш бөлүп чыгаруу, конъюнктивалык гиперемия.
Ашказан-ичеги бузулуулары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыш эмес: көңүл айнуу, ооздун кургоосу.
Тери жана теринин алдындағы ткандар тарабынан бузулуулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сейрек: таркалган эластолиз (дерматохалазия), аллергиялык дерматит
Иммундук система тарабынан бузулуулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сейрек: жогорку сезгичтик
Мурда непафенактын клиникалык изилдөөлөрүндө белгиленбеген, маркетингден кийинки изилдөөлөрдө аныкталган терс реакциялар төмөнкүлөрдү камтыйт. Бул терс реакция белгиленген жыштыктын категориясы белгисиз жана колдо бар болгон маалыматтардын негизинде аныктоого мүмкүн эмес. Көздөр тарабынан: жара кератити, коз челинин эпителийинин кемтиги, көз челинин эрозиясы, көздүн алдынкы камерасынын сезгенүүсү, айыгуунун бузулуусу (көз чели), курч көрүүнүн бузулуусу, көз челинде берч, көз челинин бүдөмүктөөсү. Көз челинин эпителийинин жабыркоосунун белгилери бар бейтаптар непафенакты колдонууну дароо токтотуулары керек жана көз челинин ден кылдат көзөмөлдүн алдында болуулары керек.
Жергиликтүү ССКК каттоодон кийин колдонуунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, оордошкон офтальмологиялык операциялары, көз челинин денервациясы, көз челинин эпителийинин бузулуулары, кант диабети, көздүн чел кабыгынын оорулары (мисалы, кургак көз синдрому), ревматоиддик артрити бар же көздөргө кайра хирургиялык операциялар жасалган бейтаптар кыска мөөнөт ичинде көздүн чел кабыгы тарабынан көрбөй калуу кооптуулугуна алып келиши мүмкүн болгон жагымсыз реакциялардын жогорку өрчүү коркунучуна ээ болушу мүмкүн. Макулярдик шишимикти алдын алуу үчүн катарактаны алуу боюнча хирургиялык операциядан кийин непафенакты диабети бар бейтаптарга жазганда, кандай гана кошумча коркунуч фактору болбосун, анын бар болуусу болжолдуу «коркунуч/пайда» ара катышын баамдоого жана бейтаптарга күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүүгө алып келиши керек.
Ашыкча доза
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жергиликтүү офтальмологиялык колдунууда препарат менен ашыкча дозалануунун жеткиликтүү маалыматтары аныкталган эмес. Бир көзгө бирден көп тамчыны колдонуунун жагымсыз кыйыр таасирлерге алып келүү мүмкүнчүлүгү күмөндүү. Препаратты байкабай жутуп алуудан кыйыр таасирлердин өрчүү коркунучу дээрлик жокко эсе.
Башка дары каражаттары менен озара таасири
[түзөтүү | булагын түзөтүү]In vitro изилдөөлөрүндө башка дары каражаттары менен абдан аз өз ара аракеттешүү жана белок менен байланышуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлгөн. Башка дары каражаттары менен өз ара аракетешүү мүмкүнчүлүгү күмөндүү. Простагландиндин аналогдорун жана непафенак препаратын чогу колдонуу боюнча абдан чектелген маалыматтар бар. Алардын таасир берүү механизмдерин эске алып, көрсөтүлгөн дары каражаттарды чогу колдонуу сунушталбайт. Жергиликтүү ССКК жана жергиликтүү стероиддерди чогу колдонуу айыгууга байланыштуу көйгөйлөрдүн пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатышы мүмкүн. Непафенак препаратын кан уюну азайта турган дары каражаттары менен чогу колдонуу геморрагиялардын пайда болуу коркунучун жогорулатышы мүмкүн.
Өзгөчө көрсөтмөлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Непафенак препаратын инъекциялар түрүндө жана пероралдык түрдө колдонууга болбойт. Непафенак препараты менен дарылоо учурунда күн нурунан оолак болуу сунушталат. Катарактанын хирургиясынан кийин макулярдык шишимикке алдын ала чара көрүү максатында непафенакты кант диабети бар бейтаптарга дайындаган учурда кошумча коркунуч фактору бар болсо, пайда/коркунуч ара катышын кылдаттык менен баамдоо жана бейтапка жакшы көзөмөл жүргүзүү талап кылынат.
ССКК жергиликтүү офтальмологиялык колдонуу кератиттин өрчүүсүнө алып келиши мүмкүн. Кээ бир алдын ала жакындыгы бар бейтаптарга ССКК узак убакыт бою колдонуу эпителий клеткаларынын жабыркоосун, көз челинин жукаруусун, көз челинин эрозиясын, кез челинде жаранын пайда болуусун же коз челинин тешилүүсүн козгошу мүмкүн, бул болсо көрбөй калуу коркунучун пайда кылышы мүмкүн. Көз челинин эпителий клеткаларынын жабыркоо белгилери бар бейтаптар Непафенак препараты менен дарыланууну дароо токтотуулары керек жана көз челинин абалына көзөмөл алдында болуулары керек. ССКК узак убакыт бою жергиликтүү офтальмологиялык колдонуу көз чели тарабынан кыйыр реакциялардын пайда болуу коркунучун жана оордук даражасын жогорулатышы мүмкүн жана көрбөй калуу коркунучун жаратышы мүмкүн. Сырттан колдонула турган ССКК айыгуу процессин басаңдатышы же кечиктириши мүмкүн. ССКК жана стероиддик каражаттарды жергиликтүү түрдө чогу колдонуу айыгуу процесстеринин бузулууларынын өрчүү коркунучун жогорулатышы мүмкүн.
Көздөргө хирургиялык операциялардан кийин оордошуулары, көз челинин денервациясы, көз челинин эпителий кемтиктери, кант диабети, көздөрдүн үстүртөн оорулары (мисалы, көздөрдүн кургак болуу синдрому), ревматоиддик артрити бар же көздөргө кыска убакыт аралыгында жүргүзүлгөн хирургиялык операциялары кайталанган бейтаптарды дарылоодо жергиликтүү офтальмологиялык ССКК этияттык менен колдонулушу керек.
Көздөргө хирургиялык операция менен айкалышта көз тамчылары түрүндөгү ССКК колдонууда көздүн ткандарында (ошондой эле гифемалар) ыкчам кан агуунун пайда болуу коркунучу бар. Оору таржымалында кан агууга алдын ала жакындыгы бар же кан уюу убактысын узартуучу башка дары каражаттарды кабыл алып жаткан бейтаптарга непафенак этияттык менен колдонулушу керек. Адатта көздөрдү дарылоо үчүн препараттарда консервант катары колдонулган бензалконий хлориди чекиттүү кератитти жана/же токсиндүү жара кератитин козгошу мүмкүн. Непафенакта бензалконий хлориди камтылгандыктан, препаратты кайталап же узак убакытка колдонууда бейтаптардын абалына кылдат медициналык көзөмөл жүргүзүү талап кылынат. Жергиликтүү сезгенүүгө каршы препараттарды колдонуу көздүн курч инфекциясынын белгилерин жашырышы мүмкүн. ССКК микробго каршы касиеттерге ээ эмес. Көз инфекциясы өрчүгөн учурда ССКК антибактериялык каражаттар менен колдонуу этияттык чараларын сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Непафенак препаратын колдонууда ацетилсалицил кислотасына, фенилуксус кислотасынын туундуларына, ошондой эле башка ССКК кайчылаш сезгичтиктин өрчүү мүмкүнчүлүгү бар.
Синтез
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Учурда непафенакты алуунун бир нече патенттелген ыкмалары бар. Мисалы, АКШнын № 4,313,949 патенти 2-(2-амино-3-бензоилфенил)-2-тио (ацетаметиди) пайда кылуу үчүн терт-бутилгипохлориттин катышуусунда 2-аминобензофенонду 2-(метилтио)ацетамид менен дарылоо аркылуу непафенактын синтезин ачып берет. Raney никель жана непафенак алуу үчүн изопропил спиртинен кристаллдашкан. Бул процесс төмөндөгү диаграммада көрсөтүлгөн.