Мазмунга өтүү

Нерви Пьер Луижи

Википедия — ачык энциклопедия

Нерви Пьер Луижи (21. 6. 1891, Ломбардия, Сондрио – 9. 1. 1979, Рим) – италиялык инженер жана архитектор. Арматуралуу цемент конструкциясын түзүүчү. 1913-жылы Болонья университетинин инженердик факультетин бүтүргөн. Нерви Пьер курулуш материалдары жана ага байланыштуу конструкцияларды, көркөм каражаттарды эксперименттик изилдөө менен байланыштырган. Темир-бетон түркүктөрүнүн, винт шатырларынын функциялык жана көркөм каражат катары маанисин ачкан, 1946-жылдан арматуралуу цементтин мүмкүнчүлүктөрүн изилдеген. Нервинин негизги чыгармалары: Флоренциядагы стадион (1929–32), Париждеги көргөзмөнүн павильонунун башкы залы (1948–49), Париждеги ЮНЕСКОнун имараты (1957), арх. А. Нерви мененбирге Туриндеги Эмгек двореци (1961) жана башка.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]