Нерит чөкмөлөрү
Көрүнүш
Нерит чөкмөлөрү – тайыз деңиздердеги чөкмө тектер. Негизинен кесек талкаланган (сайташ, топташ, кум, алевролит), чополуу жана органогендүү, кээде хемогендүү тектер кездешет. Кескин фациялык өзгөрүүлөр байкалат. Деңиз түптөрүндө жашоочу организмдердин көп сандаган калдыктары жолугат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7