Мазмунга өтүү

Неруда Пабло

Википедия — ачык энциклопедия

Неруда Пабло (чын аты-жөнү – Нефтали Рикардо Рейес Басуальто; 12. 7. 1904, Парраль – 23. 9. 1973, Сантьяго) – чили акыны, коомдук ишмер. Сантьяго университетинде окуган. Биринчи ыр китеби – «Мунарык (1923). 1934– 37-жылы Неруда Испанияда дипломатиялык кызматта болгон, испан элинин антифашисттик күрөшкө катышкан. «Жүрөгүмдө Испания» (1937) аттуу ыр жыйнагы менен ал испан элинин эркиндик үчүн күрөшүнүн жарчысы катары таанылган. Подпольеде жүрүп 1948-жылы Латын Америкасынын тагдыры жөнүндө «Жалпы элдик ыр» аттуу эпопея жазган. Бул чыгарманын жаңычылдыгы – поэтикалык тилинин өзгөчөлүгү менен лирикалуулугунда. СССРге бир нече ирет келип, көргөндөрүн «Жүзүм сабактары жана шамалдар» (1954) деген лирикалык күндөлүгүндө баяндаган. Неруданын поэтикалык дүйнөсүнүн кеңиши «Сүзүү жана кайтуу» (1959), «Сүйүүнүн жүз сонети» (1960), «Чилинин таштары» (1960), «Салт ырлары» (1961) жыйнактарында, «Кара аралдын мемориалы» поэмасында даана байкалган. Анын поэзиясына ассоциациялуулук, образдуулук, чыйрак ыргак мүнөздүү. Неруданын чыгармалары дүйнө элдеринин поэзиясына олуттуу таасир тийгизген. Нерудага Тынчтыктын эл аралык сыйлыктын(1950), «Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик (1953) сыйлык ыйгарылган. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1971).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]