Неру Жавахарлал
Неру Жавахарлал (14. 11. 1889, Индия, Аллахабад – 27. 5. 1964, Дели) – Индиянын саясий жана мамлекеттик ишмери. 1947-жылдан Индия Республикасынын премьер-министри жана тышкы иштер министри. Улуттук-боштондук үчүн күрөштө М. К. Ганди менен бирге Индия улуттук конгрессинин (ИУК) жетекчилеринин бири. Харроудагы мектепти жана Кембриж (Улуу Британия) университетин бүткөн. 1912-жылыИУКка кирип, 1918-жылдан ИУКтун жалпы индиялык комитетинде жетекчи кызматта, 1929–30-, 1930–37-, 1940-, 1951–54-жылы ИУКтун төрагасы болгон. Англиялык колониячыларга каршы үгүт жүргүзгөндүгү үчүн камалып, түрмөдө олтурган. Неру «Жаңы Индияны куруучу» улуттук жетекчи катары тарыхка кирген. 1938-жылдан Улуттук пландоо комитетин (ИУКтун органы) жетектеген. Ал келечектеги көз карандысыз Индиянын экономикасын куруу программасын, өлкөнүн ички-тышкы саясатынын негизги принциптерин («Неру багытын») иштеп чыгууга жанажүзөгө ашырууга жетекчилик кылган. Неру өкмөтү тышкы саясатында тынчтыкты, эл аралык кызматташтыкты жактап, согуш коркунучуна, неоколониализм менен расизмге каршы чыккан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7