Нескаранын Билерикти туткундаганы

Википедия дан

Нескаранын Билерикти туткундаганы — варианттардын көбүндө бар, сюжеттин Манаска эмес, негизги каармандардын бири Кошойго байланыштуу бутактарынан.

Ыйса пайгамбардан бата алган, сегиз жүз элүү жашка чыккан, жер кезип жүрө турган Жаангер кожо аттуу касиеттүү адамды жер чалып жүргөн Нескара кармап алып, Кырмус шаага алып барып берет. Кырмус кожону аялы менен коё берип, эгер мусулмандар душмандык кылса өлтүрөм деп анын он бир жаштагы баласы Билерикти барымтага алып калып, орго салдырып коёт. Аргасы түгөнгөн Жаангер бир чөлгө барып кудайга зар айтып, кудук таап соопчулукка чөлдөгөн көгүчкөндөрдү багып туруп калат. Зары кудайга жеткен кожонун түшүнө Кызыр кирип,Кошойгобарсаң жардам берет дейт. Кожо Кошойду таап, арманын айтат. Кошой жардам берүүгө убада кылат.

Радлов жазып алган вариант боюнча Көкөтөйдүн ашында Манаска кайрылган сөзүндө Кошой Билерик, аны туткундан бошотуу жөнүндө эскерет. Буга караганда эпизод «Манастын» сюжеттик системасында мурдатан белгилүү. Саякбай Каралаевдин вариантында Манас менен биринчи жолуккандагы сөзүндө Кошой элчиге баратып колго түшүп, ордо жаткан Билерикти бошотууга барарын айтат. Ага чейин Саякбай Каралаевдин вариантында сюжеттик нук жогоруда токтогон жерден тартып ушул Билерик эскерилгенге чейин бул түрдө өнүгөт. Манас кырк жолдошу менен кырк чилтен, Шайга жолугуп, айлына келгенден кийин бир күнү Акбалта Манаска кыргыздын жайын айтып, бөлүнүп-чачылганын билдирип, ордолуу журт кытайга катылып, жоолашып калдык, бир күнү каптап келсе айлабыз кетер, чачылган элден кабар алып, башыбызды чогулталы дейт да, ага таяныч болучу адам Чеч-Дөбөдөгү катагандын кан Кошой экендигин айтып,Кошойгожолугууга кеңеш берет. Манас кырк жолдошун ээрчитип Кошойду издеп жөнөйт. Кыргыз жерине келип, Текес, Каркыра, Ысык-Көлдүн сулуулугуна, байлыгына көңүлү толуп, Чеч-Дөбөгө бет алат. Кошой түш көрүп, өткүр кылыч алып, алгыр бүркүт кармап алган түшүн жорутат. Кошойдун курдашы Кудайназар Манас келет экен деп жоруйт. Кошойдун жигити куу байталчан Кутунай шашып келип, сүрү укмуштай коркунучтуу адам көрүп качып келгенин айтат. Келе жаткан Манас экенин билген Кошой кубанып тосуп чыгып: «Калың журтуң издебей, Калмакка жүрөр жөн барбы, Эми каран күн көк жал эл кайда?!” — деп Манас менен элдин чачылганына арман кыла учурашат. Сансыз душманга каршы жалгыз кармашып, көп кордук көрүп, Манастын келерин күтүп жүргөнүн айтат. Манас кытайлар менен каршылашып, көп колун кыйратканын баян этет. Кытайлар көптүк кылып басып калбасын, тез барып кырк үйлүү кыргызды көчүрүп кел, алты айдан кийин утурлап алдыңдан өзүм тосуп барам. Ага чейин элчиге барып, урушта колго түшүп, азыр Эсенкандын орунда жаткан Билерикти, сенин ордуңа кармалып кетип, ошондон бери ордо жаткан Жарманасты бошотомун. Жарманас аман бошонсо карындашыңды бер, сен үчүн азап чекти, кыяматта доосу болбосун дейт. Манас Кошой менен кош айтышып, Алтайга кайра бет алат.

Башкы баатыр эрезеге жеткенде элин, жерин издөө эпостордо кеңири кездешүүчү белгилүү сюжет; Манастын Кошойду издеши, кыргыз жерик көрүп, кубанышы баатырдын эл-жерин издешинин бир көрүнүшү. Сагымбай Орозбаковдун вариантында бул темага көп көңүл бурулуп, чоң-чоң эпизоддор катары берилет. Бул тема «Семетей» менен «Сейтекте» өзгөчө кеңири иштелип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4