Мунай азыктарын ароматташтыруу

Википедия дан
Нефть продуктусун ароматташтыруу‎»‎ барагынан багытталды)

Мунай азыктарын ароматташтыруу — мунай азыктарында ароматтык углеводородду көбөйтүү максатында ачык чынжырлуу углеводородду циклдүү углеводороддорго айландыруу. Ароматташтыруу мунайдын жана анын фракцияларын иштетүү процессинде ишке ашырылат. Тандап таасир кылуучу катализаторлор колдонуу менен Н. п. а. ө. ж. денгээлинде ишке ашырылат. Мунай-химиялык өнөр жайында ароматташтыруунун, эки методу коддонулат. Чектүү углеводороду көп Н. п. а. үчүн гидроформинг процесси, нафтен углеродороду көп болгон Н. п. а. үчүн гидрирлөө пайдаланылат. Мисалы, бензолду алууну С6Н12 = С 6Н6 + ЗН2 жана С6Н,4 = С 6Н6+ + 4Н2 реакциялары менен ишке ашырса болот. Ушул эле ыкма менен бензол гомологдорун да синтездеп алууга болот. Көпчүлүк учурда бир эле алифаттык же мунайлуу углеводороддон ар түрдүү ароматтык углеводород пайда болушу мүмкүн. Азыктын аз же көп алынышы температурага жана катализаторлор тандап таасир кылуучу өндөмдуүлүгүнө жараша болот. Н. п. а. нефть-хим. ө. ж. үчүн мааниси чоң. Пластмассалар, жуугуч заттар, боёктор, жарылгыч заттар алуу үчүн керектеле турган ароматтык угглеводороддор 80-90 % ушул ыкма менен алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]