Нефть экспорттогон өлкөлөрдүн уюму

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Нефть экспорттогон өлкөлөрдүн уюму (Organization of Petroleum Exporting countries) (OPEC-ОПЕК): Дүйнөлүк экономикада жылдан жылга маанилүүлүгү күчөгөн, олуттуу мааниси бар нефть булактарынын көп бөлүгү өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде экендиги баарыбызга белгилүү.

Ал эми буларды иштетүү жана базарга алып чыгуу болсо көп жылдардан бери эл аралык ири фирмаларынын колунда жана алардын монополиясына таандык. Нефть чыккан аймактарга ээлик кылган мамлекеттер бара-бара ойгонуп, соода-сатыктан алуучу үлүшүн жогорулатуу жана бааларды ал ири фирмалардын саясаттарын көзгө илбей туруп өз улуттук кирешесинин пайдалуулугун арттыруу үчүн макулдашууларды жүргүзгөн. Акыркы 5 жылдыкта 13 мүчөсү болгон ОПЕК 1960-жылы негизделген. Ал кездерде нефть чыгуучу өлкөлөрдүн фирмалары бааларды түшүрө баштаган болчу. Бул абал 1960-жылы сентябрь айларында Багдатта нефтини экспорттоочу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн ОПЕКтин түзүлүшүнө жол ачты.

Беш негиздөөчү өлкөлөр болгон Иран, Ирак, Кувейт, Сауд Аравиясы жана Венесуэла өлкөлөрүнүн түзгөн бул кызматташтыгына ошол эле жылы Катар, 1962-жылы Ливия жана Индонезия, 1967-жылы Абу-Даби, 1969-жылы Алжир, 1971-жылы Нигерия, 1973-жылы болсо Эквадор кошулган. 1974-жылы Абу-Дабинин мүчөлүгү Бириккен Арап Эмираттарына көчүрүлгөн жана 1975-жылы Габон мамлекети да уюмга кабыл алынган. Мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү жылына эки жолу жыйналышып, жалпы саясатын аныктайт, жыйынтыктарды талкуулап, сунуштарды киргизсе, күнүмдүк маселелерди чечүү Венадагы Баш Катчылык тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми баш катчылык экономикалык мыйзам иштери жана техникалык иштерди жүргүзгөн бөлүмдөргө бөлүнгөн.

Таза нефть экспорттогон жана баарыбызга белгилүү болгондой эле дүйнөлүк нефть запастарынын үчтөн экисине ээлик кылган 12 өлкөдөн түзүлгөн конфедер болуп эсептелет. Азыркы учурда уюмдун 12 мүчө мамлекети бар.Алар төмөндө мүчө болуп кирүү кезеги менен жазылган. ОПЕК мүчөлөрүнүн ичинде негизги басымдуулук кылган 7 мамлекеттин расмий тили арап тили болгондугуна карабастан, ОПЕКтин расмий тили англис тили болуп эсептелет.

Мүчөлөрдүн ичинен жалгыз Нигериянын гана расмий тили англис тили болуп саналат. ОПЕКке төмөнкү мамлекеттер мүчө болушкан: Ангола (10-январь, 2007) Ливия (декабрь, 1962) Нигерия (июль, 1971) Алжир (1969) Жакынкы Чыгыш Иран (сентябрь, 1960) Ирак (сентябрь, 1960) (1998-жылдан баштап ОПЕКтин өндүрүш квотасын кабыл алган эмес) Кувейт (сентябрь, 1960) Катар ( декабрь, 1961) Сауд Аравиясы (сентябрь, 1960) Бириккен Арап Эмираттары (ноябрь, 1967) Венесуэла (сентябрь ,1960),(ноябрь, 2007) Индонезия (декабрь, 1962) мүчөлүк себеби Индонезияны ОПЕК таза нефть экспорттогон өлкө катары кабыл албайт.

ОПЕКтин мурдагы мүчөлөрү: Габон (1975-1995) ОПЕКке мүчө болушу мүмкүн болгондор: Боливия, Мексика, Судан жана Сирия ОПЕКке кошулууга чакырылган. Судан жана Эквадор азыркы убакта мүчө болууга жол издөөдө.

1960-жылы 9-14-сентябрь аралыгында Багдатта болуп өткөн конференция жыйынтыгында расмий негизделген. Негиздөөчү өлкөлөр: Сауд Аравиясы, Иран, Ирак, Кувейт жана Венесуэла. Уюмга кийинчерээк Катар (1961), Ливия (1962), Индонезия (1962), Алжир (1969), Нигерия (1971), Эквадор (1963-1993), Бириккен Арап Эмираттары (1967), Габон (1975-1995) жана Ангола (2007) кошулган. ОПЕКти негиздеген өлкөлөр уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алууда бир эле «вето» укугун колдоно алат. Алардын укук жаатында мындан башка өзгөчөлүктөрү жок.

Таза нефтини экспорттогон жана нефти темасында ОПЕК мүчөлөрү менен бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон өлкөлөр гана уюмга кошула алат. ОПЕК картел эмес, ал көз карандысыз нефть өндүргөн өлкөлөрдүн ортосундагы шериктештикти жана кызматташтыкты жакшыртууну көздөгөн уюм катары белгилүү. Ал эми нефти бааларын жана өндүрүш өлчөмдөрүн аныктоо жагынан картелге окшош. Бирок практика жүзүндө уюмдун чечимдерине сөзсүз түрдө моюн сунууга арналган механизм жок. Ошол себептүү уюмдун мүчөлөрү кээде уюмдун кабыл алган чечимдерине баш ийбегендиктери байкалат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9