Нидерланд

Wikipedia дан
Нидерланд.
Flag of the Netherlands.svg

Нидерланд, Нидерланд Королдугу (расмий эмес аталышы – Голландия) – Батыш Европадагы өлкө. Чыгышынан Германия, түштүгүнөн Бельгия менен чектешип, түндүгүн жана батышын Түндүк деңиз чулгайт. Кариб деңизиндеги Бонайре, Синт-Эстатиус, Саба жана башка аралдардагы ээликтери менен бирге Нидерланд Королдугун түзөт. Аянты 41526 км2. Калкы 16,7 миллион(2011). Борбору – Амстердам шаары Административдик-аймактык жактан 12 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Н. – БУУнун (1945), Европа Биримдигинин (1957), Эл аралык экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюмунун (1960), НАТОнун (1949), ЭВФтин (1945), ЮНЕСКОнун (1947), ИНТЕРПОЛдун (1923) жана башка уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Нидерланд – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – конституциялык парламенттик монархия. Мамлекет башчысы – монарх. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Генералдык штат). Аткаруу бийлигин өкмөт (Министрлер кабинети) ишке ашырат. Негизги саясий партиялары: Христиандык-демократиялык чакырык, Эмгек партиясы – социал-демократиялык партиясы, Эркиндик жана демократия үчүн элдик партиясы жана башка.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Нидерланд Орто Европа түздүгүнүн батышында, жээк тилкесиндеги ойдуңдарда жанакургатылган жерлерде (польдераларда) жайгашкан. Жеринде ойдуңдуу түздүктөр басымдуу. Өлкөнүн аймагынын жарымынан көбү (33,9 миң км2) деңиз деңгээлинентөмөн туруп, түштүк-чыгышында 2% жери гана 30 мге жогору көтөрүлүп турат. Анча бийик эмес бөксө тоолор орун алган. Аймагынын көбүндө дарыялар өтө жыш жайгашкандыктан (Рейн, Маас, Шельда жана башка), кеме жүрүүчү жалпы дельтаны түзөт. Дарыялары агызып келген шилендилерден дельталар пайда болуп, жээктеринде ойдуңдар түзүлгөн. Ал ойдуңдардын көпчүлүгү Түндүк Голландия, Түштүк Голландия жана Флеволанд провинцияларында жайгашкан. Жээк тилкеси шиленди дюналардан турат. Эң бийик жери – Валсерберг чокусу (бийиктиги 322 м; Арденна тоосунда), төмөнкүсү – Заудпластполдер (–6,74 м). Климаты деңиздик мелүүн, жайы салкын, кышы жумшак. Январдын орточо темпрасы 1–3˚С, июлдуку 16–17˚С. Жылдык жаан-чачыны 650–750 мм. Ири дарыялары: Рейн, Маас, Шельда; көлү – Эйсселмер (булуң). Суу каптоо коркунучуна байланыштуу Зейдер-Зе булуңунун (1282 жылкы суу каптоодон пайда болгон) түштүгүндө дамбалар курулган. 1953-жылы да катуу суу ташкыны жүргөн. Өлкөнүн аймагынын көп бөлүгүн күл топурак ээлейт. Түндүгү менен чыгышы чым көң-күл, кээ бир жерлери саз топурактуу. Чыгышы менентүштүгүндө кумдуу топурактар кездешет. Польдералар айыл чарбасында колдонулат. Лимбургдун түштүгүндөгү бөксө тоолордун кыртышы эолдук процесстин натыйжасында борпоң сары келет. Андан сырткары күрдүү топурактар да бар. Өлкөнүн аймагынын түштүк жана чыгышында вереск, кызыл карагай, эмен жана башка токойлор өсөт. Фаунасы антропогендик фактордун негизинде сейректөөдө. Канаттуулардын көп түрү мекендейт. Сейрек кездешүүчү жаныбарлар коргоого алынып, улуттук парктар (Велюзом, Кеннемер дюналары жана башка) жана коруктар уюштурулган. Кен байлыктары: нефть, газ, чым көң, кайнатма туз, каолин.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын көпчүлүгүн нидерланддар (80,7%) түзөт. О. эле немистер (2,4%), индонезиялыктар (2,4%), түрктөр (2,2%), суринамдыктар (2%), марокколуктар (2%), индиялыктар (1,5%), антилдиктер жана арубалыктар (0,8%) жана башка элдер да бар. Расмий тили – нидерланд тили. Калкынын 64,27%и христиан (протестант 33, католик 31,27), 6%и мусулман, 0,6% индуизм, 0,5% буддизм, 2,2%и башка диндерди тутат. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 кишиге 12,42), өлүм-житим төмөн (1000ге 8,48; жаш балдардыкы 6). Орточо жыштыгы 1 км2 394 киши (2011). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 75 жаш, аялдарыныкы – 81. Шаар калкы 82% (2008). Ири шаарлары: Амстердам, Гаага, Роттердам, Утрехт.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Нидерланд аймагын адам неолит доорунан мекендеген. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жарымында Нидерландда негизинен кельт уруулары жашап, биздин замандын башында аларды германдар сүрүп чыгарган. Биздин заманга чейинки 1-кылымда Нидерланддын бир бөлүгүн римдиктер басып алып, 3–4-кылымда франктар отурукташкан. 10–11-кылымда Нидерландда феодалдык ээликтер (графтыктар) түзүлүп, 12-кылымдан шаарлар өнүккөн. Нидерланд 144 жылдан Габсбургдардын, 1556-жылдан Испаниянын бийлигинде болгон. 15–16-кылымдын аягында капиталисттик мамилелер калыптана баштаган. Испаниянын үстөмдүгүнө каршы Нидерланд буржуазиялык революция сынан улам өлкө көз карандысыздыкка жетишип, туңгуч буржуазиялык республикалык түзүлгөн. Революция дан кийин Нидерланддын экономикасы менен мадабияты тездик менен өнүгүп, 1648-жылы Кошмо провинциялардын федерациялык республикасына (кээде Голландия деп да аталган) айланып, аз убакытта эле европалык мамлекеттерден ашып кеткен. 1795-жылы француз аскерлер басып киргенден кийин Францияга көз каранды Батав Республикасы түзүлгөн. 1806-жылы өлкөнү Франция басып алып, Голландия королдугу түзүлгөн. Вена конгресси (1814–15) күчкө салып, Н. менен Бельгияны Нидерланд королдугуна бириктирип, ал 1815-жылы 15-майда расмий жарыяланган. Бельгия революция сынын (1830) натыйжасында Бельгия Нидерланддан бөлүнгөн. 19-кылымдын акыркы чейрегинде Нидерландда өнөр жай төңкөрүшү аяктап, империализмге өтүү мезгили башталган. Биринчи дүйнөлүк согуш (1914–18) мезгилинде Нидерланд бейтарап саясат жүргүзгөн. 2-дүйнөлүк согуш (1939–45) башталганда Нидерланд өзүн бейтарап өлкө деп жарыялаган, бирок аны 1940-жылы 14-майда Германия басып алган. Душмандан 1945-жылы майда бошотулган. 1945-жылдан БУУнун, 1949-жылдан НАТОнун мүчөсү. Нидерланддын аймагында НАТОнун штабы, АКШнын аскер базасы жайгашкан. Нидерландда 1951-жылы Бенилюкс союзу (Бельгия, Н., Люксембург), 1957-жылы Европа Экономика биримдиги түзүлгөн.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Нидерланд – индустриясы жогорку деңгээлде өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 654,7 млрд долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 39,9 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 73,7, өнөр жайдыкы 24,4, айыл чарбаныкы 1,9. 2008-жылы 108,2 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизинен ЖЭБден алынат. Эки АЭС иштейт. Өнөр жайынын башкы тармагы – машина куруу (байланыш жана телекоммуникация жабдуулары, кеңсе жана тиричилик техникалары, кеме, автомобиль тетиктери), химиялык (лак, боёочу каражаттар, жер семирткич жана башка), нефть-химиялык, тамакаш (эт, сүт азыктары, пальма майы, жууган май, сыр, коюу сүт, шоколад жана башка), текстиль өнөр жай өнүккөн. Пиво кайнатылат. Ликёр жана башка өндүрүлөт. Таш көмүр, нефть, табигый газ, чым көң, кайнатма туз, каолин казылып алынат. Өлкөнүн аймагынын 65%и иштетилет. Негизги азыктары – картөшкө, кант кызылчасы, жашылча-жемиш, буудай жана башка Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармоо өнүккөн. Деңиз продуктулары даярдалат. Парниктерде жашылча-жемиш өстүрүү боюнча алдынкы орунда. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 138,8 (2008 тез жүрүү үчүн автомагистралдары 2,58), темир жолунуку 2,9. Сыртка азык-түлүк (эт, сыр, шоколад жана башка), нефть продуктулары, газ, машина жана жабдуулар жана башка чыгарылат. Ири порттору: Роттердам жана башка Негизги соода шериктештери: Германия, Бельгия, Улуу Британия, Франция, Кытай жана башка.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, орто, атайын жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Орто жана адистик билим алуу, башка адистикке өтүү, информатика, компьютер үйрөнүү, чет тилдерди, менежменттин жана бизнестин негиздерин жана башка окутуу курстары иштейт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 91%ти түзөт (2013). Ири мамлекеттикЖОЖдорунун көбү, о. эле музейлери, китепканалары Лейден, Гронинген, Амстердам, Роттердам шаарында жайгашкан.

Массалык маалымат каражаттары[оңдоо | булагын оңдоо]

«Телеграф», «Алгемейн дахблад», «Фолкскрант», «Биннехоф» жана башка ири гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруу 1969-жылдан, телекөрсөтүү 1951-жылдан, ошондой эле «Алгемен Нидерланде Персбюро» маалымат агенттиги 1934-жылдан иштейт.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Нидерланд тилиндеги байыркы адабий эстелик – Каролинг псалмалары (9-кылым). Тунгуч көрүнүктүү жазуучусу – Генрих фон Фельдеке. Кайра жаралуу идеясы Э. Роттердамскийдин чыгармаларында (айрыкча «Макоолуктун мактанчы» сатирасы) берилет. 12–16-кылымдагы Нидерланд адабияты эски Нидерланд адабиятынын нугунда өнүккөн. Нидерланддын маданиятындагы «алтын доор» катары 17-кылым эсептелет. Ар түрдүү адабий багыттарга жаткан (алардын эң башкысы классицизм болгон) ошол доордун жазуучулардын чыгармачылыгы үчүн социалдык жана этикалык проблемаларга көңүл буруусу мүнөздүү болгон (А. Валериус, П. К. Хофт, С. Костер, Г. А. Бредеро, Я. Стартер жана башка). 17-кылымдын адабиятынын тарыхында борбордук орунду акын жана драматург И. ван ден Вонделдин чыгармачылыгы ээлеген. Анын «Люцифер» (1654) трагедиясы – дүйнөлүк адабияттын шедеврлеринин бири. 18-кылымда адабиятта демократиялык салттардын солгундашы байкалат. Нидерланддын 19-кылымдагы белгилүү жазуучу Э. Д. Деккер өз чыгармаларында («Макс Хавелаар», 1860, «Сүйүү каттары», 1861) нидерл. колониализмге, буржуазиялык коомдун адамкерчиликсиздигине каршы идеяларды берген. 20-кылымдын башында Нидерланд адабиятына Г. Хейерманс («Бриллианттар шаары» 1904; «Эмгекте жана зыяратта» 1903); Гортер («Мей», 1889; «Пан» 1912); Роланд Холст («Кайрадан төрөлгөндөр», 1903; «Өргө жол», 1907, «Томас Мор», 1902; «Балдар», 1922) жана башка келишкен. Немистик-фашисттик аскерлер Н-ны оккупациялаган жылдары (1940–45) басма сөз жашырын иштеген. Ага Вестдейк, Т. де Фрис, Я. Гресхоф А.ван Дёйнкеркен жана башка катышкан. Өздөрүн «70-жылдардын тобубуз» деп атаган соңку муундун акын-жазуучулары формализмге каршы, элдин калың катмарына жакын жана түшүнүктүү адабиятты түзүүнү башташкан.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

19-кылымдын 1-жарымында Н-нын архитектурасы башка өлкөлөрдүн, айрыкча Франциянын шаар куруусунун күчтүү таасиринин алдында болгон. 19-кылымдын2-жарымында, айрыкча 80-жылдарда Н-нын экономикасы көтөрүлүп, шаарлардын өсүшүнө, алардын структурасынын өзгөрүшүнө өбөлгө түзүлгөн. 1902-жылы Х. П. Берлаге Амстердамды кеңейтүү долбоорун сунуш кылган, 1935-жылыК. ван Эстерендин жетекчилиги астында Амстердамдын генпланы иштелип чыккан. Бул планды ишке ашыруу 2-дүйнөлүк согуштан кийин да улантылган. Жаңы шартка байланыштуу Роттердамдын борборун (250 га) реконструкциялоо (1940-жылы фашисттик бомбалоодо жок кылынган) пландаштырылып, шаар аймагы (800 га) кенен проспекттерге, аянттарга бөлүнгөн. 1900–40-жылдардагы Н-нын архитектурасы эклектикадан функционализмге өтүүнүн ар кандай стадияларына ачык мисал болуп саналат. 1920-жылдардын архитектурасында дагы бир багыт В. М. Дюдоканын чыгармачылыгына байланыштуу. Анын Хилверсюмдагы коомдук курулуштары (ратуша, 1928–30 жана башка) көп жагынан шаардын өзгөчөлүгүн аныктап, функциялык максаттуулугу менен гана эмес, образдын жаркын эмоциялуулугу, айкын пластикалуулугу менен айырмаланат. Өндүрүштүк архитектурага – техникалык курулуштарга (Гертрёйденберг электр станциясы), ишканаларга чоң көңүл бөлүнгөн. 17-кылымдагы Нидерланд искусствосунда станоктук сүрөт, офорт басымдуулук кылган. 17-кылымдын 30-жылдарында голланд живописи нукура демократизмге жана чебер жаңычылдыкка каныгып, психологиялык бирдиги, түстөрдүн гаммасынын жөнөкөйлүгү менен айырмаланган. Ошол кезде голландиялык ири реалисттер Халстын, айрыкча Рембрандттын чыгармаларында адамды баалоо жана терең психологизм негизги орунду ээлеген. 18-кылымда Нидерланд искусствосу эпигондук мүнөзгө өткөн. 19-кылымдын ортосунда реалисттик багыт (Я. Б. Ионгкинд, Й. Исраэлс) толук калыптанган. В. ван Гог голланд жумушчулары менен дыйкандарынын ачык-айкын образдарын түзгөн. 20-кылымда Н-да символизм, абстракционизм жана башка агымдар пайда болгон.

Музыкасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Нидерланддын музыкалык маданияты жөнүндөгү алгачкы маалыматтар орто кылымга тиешелүү. Ал 15–16-кылымда жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Музыка искусствосунун классикалык мезгили Нидерланд мектебинен башталган, анын өкүлдөрү: Г. Дюфе, Жоскен Депре жана башка Бул мектеп бүткүл Батыш Европа музыкасына таасирин тийгизген. 17-кылымда жогорку деңгээлдеги аспаптык музыканын өнүгүшү менен катар музыкалык аспаптарды жасап чыгаруу жогорку деңгээлге чыккан. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башында композитор, органдык музыканын чебери Я. П. Свелинг немис органдык музыкалык мектебинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 19-кылымдын 1-жарымында адегенде немис романтикалык таасир менен улуттук-демократиялык музыкалык маданият өнүгөт. Көп голланд композиторлору Германияда (Ж. Б ван Бре, Й. Ферхюлст, Р. Хол, В. Николаи жана башка) окушкан. Биринчи Королдук музыкалык мектеп (1826–46, Гаага) негизделген. 1841-жылымузыканттардын турмуш-тиричилигин коргоо боюнча «Цецилия» коому, 1883-жылы«Консертгебау» деген өзүнүн залы, хору жана атактуу симфониялык оркестри менен эң чоң концерттик коом түзүлгөн. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында улуттук композиторлор (Б. Зверс, Й. Вагенар, А. Дипенброк жана башка) чыккан. Немистик-фашисттик оккупация музыкалыктурмуштун өнүгүшүн басаңдаткан. 40жылдардын аягында ар кандай авангарддык чыгармачыл багыттар (к. Авангардизм) пайда болгон. Бүгүнкү күндө Амстердам, Гронинген, Гаага, Роттердам, Утрехт, Маастрихт жана Тилбург шаарында 7ден ашык консерватория бар, 3 музыкалыклицей, католиктик чиркөө музыкасы, Нидерланд инту; чиркөө музыканттарын даярдай турган атайын окуу жайлары бар.

Театры[оңдоо | булагын оңдоо]

Нидерланддын профессионал театры 17-кылымдан тартып өнүгүп, улуттук драматургиясы (ван дер Виле П. Гофт) пайда болгон. Нидерланддын театр искусствосу кийин чет элдин таасиринде болуп, француз, англиялык драматургдардын чыгармаларын көп пайдаланган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында голланд авторлордун (Г. Гейерманс жана башка) пьесалары коюла баштаган. 40–60-жылдардагы көрүнүктүү театрларында «Гаага комедиясы» (К. Ласёр башчылык кылган), «Нидерланд комедиясы» (жетекчиси Х. В. ван дер Берг жанаЙ. де Местер) пьесалары коюлган. 60–70-жылдарда репертуарларында улуттук драматургдар Х. Хейерманс, Я. Стал, Ле де Бур жана башкалардын пьесалары орун алган. Белгилүү актёрлору, режиссёрлору: А. Ван Дальсюм, К. ван Дейк, Ш. Кёлер, В. Фос жана башка.

Киносу[оңдоо | булагын оңдоо]

Алгачкы киностудиясы 1910-жылы Гарлемде уюшулган. 1933-жылы Амстердамда толук метраждуу алгачкы көркөм фильм («Моряктар») тартылган. 20–30-жылдары режиссёр Й. Ивенс чыгарган фильмдер чоң ийгиликке жетишкен. Нидерланд көркөм кинотасмалары: «Фанфарлар» (1958, режиссёр Ханстра), «Месье Хаварден» (1969, режиссёрХ. Кюмель), «Франк жана Ева» (1973, режиссёр П. де Лар-Парра), «Түрк жемиши» (1973, режиссёр П. Ферхувен) жана башка Кино актёрлору: В. Ванн Алмерой, Т. Хюрдерман, Р. де Хойер, К. Брюсе.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]