Нидерландтар

Wikipedia дан

Нидерланддар (нидерландча: Nederland) – Европанын түндүк-батыш тарабында жайгашкан континенталдык мамлекети. Расмий түрдө Нидерланддар Падышачылыгы деп аталат. Ал түндүк жана батыш тарабында Түндүк деңизи менен чектешет, Белгия менен түштүк тарабында, Германия менен – чыгышта жана деңизде Дания, Норвегия жана Улуу Британия менен чектешет. Нидерланддарда парламенттик демократия жана конституциондук монархия. Конституцияга ылайык, эң негизги бийлик жергиликтүү парламенттин колунда. Монарх болсо падышачылыктын символдук гана башчысы. Нидерланддарынын баш калаасы Амстердам, бирок башкы өкмөт институттары Гаага шаарында турушат. Көбүнчө Нидерланддарды Голландия деп атап коет. Нидерланддардын он эки провинциядан Түндүк жана Түштүк Голландия деген жер бар. Голландия деген атоону көбүнчө жөнөкөй сүйлөмдөрдө Нидерланддарды атап коет. Бирок расмий түрдө Нидерланддар же Нидерландддар Падышачылыгы деп эсептелет.

Нидерланддар деген атоо мындай себептен чыккан: нидерланддар тилинен neder - бул ылдый деген сөз, а lands - жер демек. География боюнча ушинтип жайгашкан үчүн Nederland деп калган, кыргызчага: Ылдый, Төмөн же Жалпак жерлер.

Нидерландынын ханышасы Королева Беатрис.

Нидерланддар биринчилерден парламенттик демократия системасын өзүнө киргизген. Ал азыр Еврошаркеттин (EU), NATO’нун, OECD’нин жана ВТОнун (WTO) мүчөсү. Бельгия жана Люксембург менен кошо ал Бенилюкс деген экономикалык уюмга кирет. Мамлекетте бир нече эл аралык соттордун штаб-квартиралары жайгашкан: Эл аралык арбитраждык сот (the Permanent Court of Arbitration), БУУнун эл аралык соту (ICJ), мурунку Югославия боюнча эл аралык криминалдык трибуналы, Эл аралык жаза соту (ICC) жана Ливанга караштуу атайын трибуналы. Андан тышкары, Нидерланддарда Еврошаркеттин сот жана юстиция боюнча институтардын башкы офистери жайгашкан.

Нидерланддарда базар экономикасына караган капиталисттик система. Ал экономиканын эркиндиги жана либералдуу боюнча Эл аралык Экономикалык эркиндиктин индекси (IEF) боюнча 157 орундун 15-чисинде турат[1].

Нидерланддар географиялык түзүмүндө жери деңиз даражысынан ылдый турат деп саналат. Анын жарымы деңиз даражасынан ылдый турат. Андай жерлерде мамлекеттин 20 пайызындай калкы турат[2]. Калгандары 50 пайыздык деңиз даражасынан өйдө турган жерде турушат[3]. Нидерланддар суу жегине жайгашкан жерлерге атайын дамбаларды жана плотиналарды коюга аргасызда. Анткени суу жылдан жылга ашып, Нидерланддардын жерин санын азайтып жатат. Эгер суу ушинтип эле көтөрүлсө бир нече убакыттан кийин Нидерланддар мамлекетинин калкы каякта тураары белгисиз.


Шилтемелер[оңдоо]

Башка линктер[оңдоо]