Мазмунга өтүү

Низами Гянжави Абу Mухаммед Ильяс ибн Юсуф

Википедия — ачык энциклопедия

Низами Гянжави Абу Mухаммед Ильяс ибн Юсуф (1141-жылы чен, Азербейжан, Гянжа шаары – 1209-жылы чен, ошол эле жер) — азербайжан акыны жана ойчулу. Фарсы тилинде жазган. Лирик катары жашынан эле элге таанылган. Лирикалык жыйнагынын 6 касыйдасы, 116 казалы, 2 кытасы, 30 рубаиси бар бөлүмү бизге жеткен. Негизги чыгармасы – «Хамсе» («Беш китеп»). Буга «Сыр кенчи» (1173–80), «Хосров-Ширин» (1181), «Лайли-Мажнун» (1188), «Жети көзөл» (1197), «Искендер-наме» (1203-жыл чен) эпикалык беш дастан кирет. Keзегинде «Беш китеп» чыгыш адабиятына күчтүү таасир тийгизген; инди-фарсы акыны Амир Хосров Дехлеви, А. Навои, А. Жами Н. Г-нин жолун жолдоп бешилтик дастандар жараткан. «Сыр кенчи» – дидактикалык-философиялык дастан. Ал чыгыш адабиятындагы дидактика жанрынын өнүгүш багытын айкындаган. Акын бу дастанда бийлик башындагыларды адилет, карамагындагы калкка камкор ата болууга чакырган. Дастан диний маанайда жазылып, гуманистчил муратты көздөйт. «Хосров-Ширин» – романтикалуу дастан. Мында Хосров шахтын Ширин сулууга деген тунук арзуусу баяндалат. Чыгармада баш каарман иретинде шах эмес, Ширин сулуу көрсөтүлүп, анын образы аял заты азиз касиеттер ээси катары сүрөттөлөт. «Лайли-Мажнун» дастанынын сюжети эски араб уламышынан алынган. «Жети көзөл» Бахрам Гур шах жөнүндөгү баянга негизделген. Анда Бахрам Гурдун жеңил ойлуу шахзададан бара-бара акылдуу, нары олуттуу, чынчыл, зордук менен зулумдукка каршы күрөшкөн падышага айланышы көрсөтүлгөн. Соңку «Искендер-наме» дастаны анын чыгармачылыгындагы туташ өнүккөн социалдык утопиянын жеткен чегин айгинелеген. Анын чыгармачылыгы Чыгыш менен Батыштын маданий кенчине баалуу салым кошту. 1947-жылы СССРде Н. Г-нин 800 жылдыгы белгиленип, сөөгү коюлган Кировабад (учурда Гянжа) шаарында акындын мавзолей үйү ачылган. Низами Гянжавинин айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]