Никель кенташтары
Никель кенташтары – курамында өндүрүп алууга жарактуу өлчөмдө никель кездешкен минералдардын топтолушу. Өз ичинен жез-никелдүү сульфид жана силикаттуу никель кенташтары болуп бөлүнөт. Негизги минералдарына: пентлиндит, миллерит, халькопирит, кубанит, пирротин, магнетит кирет. Мындай кенташтар кристаллдуу калкандар менен байыркы платформалар орун алган аймактардагы магмадан пайда болгон кендерге кирет. Норит, перидотит, габбро-диабаз интрузияларынын астынан жана чет жактарынан орун алат. Кабат, линза, тарам түрүндө жолугат. Сульфиддүү кенташта никель 0,3–4%ке жетет. Мындай кенташтан никелден тышкары Co, о. эле Au, Pt, Pb, Rh, Se, Te, S өндүрүлөт. Кендери Норильск, Печенга, Канада, ТүштүкАфрика жана башка жерлерден орун алган. Силикаттуу никель кенташтарынын курамында никель минералы кездешкен ультранегиздүү тектердин үбөлөнүп талкаланышынан жаралган борпоң жаначопо сыяктанган катмарларынан орун алат. Негизги минералдары болуп нотронит, керолит, серпентин, гётит, асболан эсептелет. Мындай кенташтар никелдин аз санда болуп, запасынын көптүгү менен мүнөздөлөт. Гарниерит, непуит, никель керолити, ферригаллуазит сыяктуу минералдары жаракалуу, контакттуу, аймактуу татаал геологиялык, тектоникалык, гидрогеологиялык шартта пайда болот. Кенташтын курамын байытат. Силикаттуу кенташтар өз ичинен темирлүү, магнезийлүү, кремнийлүү, чополуу түрлөргө бөлүнөт. Кендери Уралдан, Украинадан, Канададан табылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7