Никель сульфиддери
Никель сульфиддери – күкүрт менен никель курамы ар түрдүү бирикмелер: NiS, Ni2S, NiS2, Ni3S2, Ni3S4 жана Ni6S5 жана башка пайда кылат. Жаратылышта NiS (миллерит минералы), Ni3S4 (полидимит), NiS2 (ваэсит) кездешет. Ni3S2 менен Ni6S5 никелди алуудагы эритүүдөн же кобальт өндүрүшүнөн калган сульфаттык эритмелерден алынат. Н. с. таза никель алууда, гальванотехникада, никель менен металлды жабууда, аккумулятор жасоодо, катализаторлор даярдоодо жана башка колдонулат. аралык продукт, Файнштейн негизги компоненттери. Никель моносульфиди NiS күкүрт менен NiO ысытууда же никель туздарына суутек сульфидин же аммоний сульфидин таасир кылуудан алынат. NiS үч модификацияга ээ: a-NiS -аморфтуу; b-NiS (жогорку темп-рада); g-NiS (төмөнкү темп-рада). Табигый g-NiS (миллерит) саргыч жалтырак учтуу кристаллды пайда кылат. Балкып эрүү t 7970С, пайда болуу жылуулугу DН0298-17,5 ккал/моль, сууда НСl эрибейт. Абада акырындык менен окистенет. Суутек менен калыбына келбейт. Ni2S Ni менен NiS пайда болгон катуу эритме деп эсептешет. Ал NiSO4 менен Sтин аралашмасын Н2 агымында ысытканда, же Ni2S көмүртек менен электр мешинде калыбына келтирүүдө алынат. Ni2S тыгызд. 5,52-6,05 г/см3, балкып эрүү t 645оС, сууда эрибейт. Туз к-тасы менен начар аракеттенишет, азот к-тасы менен күкүрттү бөлүп чыгаруу менен ажырайт. Ni3S4 (полидимит) - күмүш сымал жалтырак кубдук кристаллды пайда кылат. NiS2 (ваэсит) – боз жалтырак, кубдук торчо пайда кылган тыгызд. 4,45 г/см3 болгон зат. Ni3S2 Ni-S системасында катуу эритме диссоциацияланганда пайда болот. Балкып эрүү t 790оС. Акырындык менен муздатканда Ni6S5 пайда кылуу менен ажырайт. Н. с. катализатор, нитрил жана нитробирикмелерди калыбына келтирүүдө кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6