Николаев, Виктор Арсеньевич

Википедия дан

Николаев, Виктор Арсеньевич (1893, Нижний Новгород ш. – 1960, Ленинград ш.) – геолог ж-а петрограф, СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1946), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1943). Петроград тоо-кен ин-тун бүткөн (1918). 1920-жылдан Геолкомдо иштеген. Ленинград тоо-кен ин-тунда профессор, петрография кафедрасында башчы (1947–60), Орто Азия индустриялык ин-тунда профессор (1933–45), СССР ИАнын Кыргыз филиалынын геол. ин-тунда магма геологиясы бөлүмүндө жетекчи ж-а Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын кеңешчиси (1943–44). 1951-жылдан СССР ИАнын кембрийге чейинки мезгил лабораториясын жетектеген. Илимий эмгектери негизинен Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстандын геологиясын изилдөөгө арналган. Ал шакирттери менен бирге Кыргызстандын геол. түзүлүшүн аныктаган, республикасынын минералдык сырьё ресурстарын өздөштүрүү б-ча айрым илимий негизги маселелерди чечкен ж-а тоо-кен өнөр жайынын өнүгүшүнө (айрыкча сейрек ж-а түстүү металлдарды казып алуу б-ча) туура илимий далилдери менен көмөк көрсөткөн. Талас Ала-Тоосунун жегичтүү тоотектерин, Орто Азиянын руда кендерин, Теңиртоонун жанартоо пайда болуу процесстерин ж. б. маселелерди изилдеген. Петрология маселесин изилдөөдө ал учуучу (жеңил) компоненттердин магмадан бөлүнүшүнө чоң маани берип, магматизм процессиндеги иреттүүлүктү аныктаган. Анын жер кыртышынын кыймылдуу бөлүгүндөгү структура-фациялык зоналардын өнүгүү закон ченемин аныктоосу, ошондой эле магмалык руда кендерин изилдөө проблемасы б-ча пикири зор мааниге ээ. Теңиртоону 2 аймакка бөлүп, алар структуралык чон маанидеги тектоникалык жарака менен бөлүнүп турарын алгач ирет белгилеген (кийин ал жарака «Николаев жиги» деп аталып кеткен). Бул жик Түндүк ж-а Ортонку Теңиртоонун чеги болуп эсептелет. Н. «Геология СССР» аттуу зор эмгектин Кыргыз ССРине арналган 25 томун түзүүгө (1954) катышкан ж-а аны редакциялаган. Н. Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1958). Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]