Николай Костер-Валдау

Википедия дан
Николай Костер-Валдау
дан. Nikolaj Coster-Waldau

Костер-Валдау 2014-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Николай Костер-Валдау

Туулган датасы:

27 -июль 1970(1970-07-27) (53 жаш)

Туулган жери:

Рудкөбиң, Түштүк Дания, Дания

Жарандыгы:

 Дания

Кесиби:

актёр, кинопродюсер

Карьерасы:

1993 — азыркы учур

IMDb:

ID 0182666

Николай Костер- Валдау (дан. Nikolaj Coster-Waldau; 27-июль 1970, Рудкөбиң, Түштүк Дания, Дания) — даниялык актер, продюсер жана сценарист. 1993-жылы ал Копенгагендеги Дания Улуттук Театр Мектебин бүтүргөн. Костер-Валдау Данияда "Түнкү кароол" (анг. Nightwatch, 1994) тасмасы менен атактуулукка жеткен. Андан бери ал өз мекени Скандинавияда жана Европа өлкөлөрүндө "Баштарга аң улоо" (анг. Headhunters, 2011) жана "Миң жолу түнүң бейпил болсун, 2013" (анг. A Thousand Times Good Night, 2013) сыяктуу бир нече тасмаларда тартылган.

Ал эми Кошмо Штаттарда дебюттук түрдө "Кара шумкардын кулоосү" (анг. Black Hawk Down, 2001) тасмасында Ардак медалына татыган Гэри Гордондун ролун аткарган. Ошондой эле кыска сериялуу Фокстагы "Жаңы Амстердам" (анг. New Amsterdam, 2008) телесериалында детектив Жон Амстердамдын ролун жана "Виртуалдуулук" (анг. Virtuality, 2009) аттуу Фокс телеберүүсүндөгү тасмада учкуч Фрэнк Пайктын ролун аткарган. Ал эми учурда ал "Тактылар оюну" (анг. Game of Thrones) аттуу HBO телесериалында Сер Жэйми Ланнистердин ролу менен кеңири таанымал. 2017-жылы Костер-Валдау "Тактылар оюну" телесериалынын ар бир эпизоду үчүн 2 миллион фунт тапкандыгы үчүн эң көп төлөнгөн актерлордун катарын толуктаган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]