Николай Николаевич Семенов
Николай Николаевич Семенов (3(15)-апрель 1896, Саратов - 25-сентябрь 1986, Москва) - советтик физико-химик, химиялык физиканы негиздегендердин бири.
СССР ИАнын академиги (1932-жылы; 1929-жылдан бери мүчө-корреспонденти),(1956-жылы Сирил Хиншелвуд менен бирге) Химия боюнча Нобель сыйлыгынын жалгыз советтик лауреаты. Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры.
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негизги илимий жетишкендиктери үзгүлтүксүз химиялык реакциялар теориясы, термал жарылуу теориясы, газ аралашмалардын күйүү теориясы болуп саналат. Семенов 1916-жылдан тарта алгачкы иликтеген маселе газдардын иондолушу болгон. 1920-жылдардын башында диэлектриктердин илмек механизми үстүндө иштей баштаган. Мунун жыйынтыгында илмектин термалдык теориясы пайда болгон. Бул теория кийин күйүү жана термал жарылуу теориялары жөнүндөгү эмгектерде өнүктүрүлгөн (1930-жылардын аягы - 1940-жылдардын башы) тутануунун жылуулук теориясына негиз болгон (1928). Аталган теория жалындын таралышы, от алуу, жардыргыч заттардын күйүшү сыяктуу процесстерге баа берүүгө жол ачкан.
1920-жылы П.Л. Капица менен бирге бир кылка эмес магнит талаасындагы парамагниттик атом тутамынын кыйшаюусун эсептеген. 1921-жылы О. Штерн менен В. Герлах ишке ашырган мындай тажрыйба мейкиндик кванттоо жөнүндө түшүнүккө ээ болууга жол ачкан. 1924-жылы Ю.Б. Харитон менен бирге конденсациянын тыгыздыгын жана температурасын байкаган; кийинирээк химиялык реакциянын жүрүү чегин аныктаган критикалык кубулуштар бир катар заттардын кычкылдануусунда байкалган (1926-1928).
Семеновдун бир канча эмгеги катализ процесстерин изилдөөгө арналган: ал ион-гетероген катализ түрүн ачкан, (1955-жылы, В.В. Воеводский жана Ф.Ф. Волькенштейн менен чогуу) гетероген катализ теориясын түзгөн. Семеновдун эң түрдүү багыттар боюнча жетишкен жыйынтыктары практикада кеңири колдонулган.